БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгы менен алдыга озгон Сооронбай Жээнбеков маалымат жыйын өткөрүп, Кыргызстандын демократиялуу тарыхында ачык шайлоо өткөнүн айтты.
Эскерте кетсек, 15-октябрь күнү Кыргызстан президентин шайлады.
"Кыргызстандын тарыхында таза шайлоо өттү. Элибизге, командама, штабдарга ыраазычылык билдирем. ЖМК өкүлдөрү, таза шайлоо өткөрүүгө сиздер да зор салып коштуңуздар, баарыңарга ыраазычылык. Алдыда көп реформалар бар. Бар бололу, бир бололу. Мамлекетибизди Кудай колдосун", — деди Жээнбеков.
Ал эми кыргыз-казак чек арасы, андан кийин президент Нурсултан Назарбаевге болгон мамилеси тууралуу суроого Жээнбеков эки эл боордош экенин белгиледи.
"Ушу таптагы көйгөйлөр убактылуу. Биз бир тууган элбиз. Назарбаевге урмат менен мамиле кылабыз. Азыркы маселе чечилиши керек", — деди Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков президент Алмазбек Атамбаев менен байланышканын, өлкө башчы куттук айтканын кошумчалады.
Электрондук урналардан жаңыланып турган маалыматтарды Sputnik Кыргызстандын интерактивдүү инфографикасынан көрүңүз>>