Памирдеги 33 кыргыз Кыргызстанга көчүрүлүп келди. Арасында кош бойлуу келин бар

© Фото / пресс-служба Государственной службы миграцииЖизнь и быт памирских кыргызов
Жизнь и быт памирских кыргызов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үстүбүздөгү жылдын 2-октябрында Афганистандагы Улуу жана Кичи Памирде жашаган этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам жөнөтүлгөн

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Афганистандын Улуу Памиринде жашаган 33 кыргыз Кыргызстанга көчүрүлүп келди. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына вице-премьер Чолпон Султанбекова билдирди.

Анын айтымында, учурда алар Оштон Жалал-Абадга келишти.

"Көчүрүлүп келген 33 кыргыздын көбү балдар. Аларды билим берүү максатында алып келдик. Араларында кош бойлуусу дагы бар. Андыктан 34 кыргыз деп жатабыз. Себеби келиндин төрөө маалы жакындап калыптыр", — деди Султанбекова.

Ал белгилегендей, памирлик кыргыздар эми Жалал-Абаддан Нарын шаарына алып келинип, аймактарга жайгаштыруу иштери жүргүзүлөт.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 2-октябрында Афганистандагы Улуу жана Кичи Памирде жашаган этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам көрсөтүү максатында жүк салынган бир нече автоунаа жөнөтүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0