БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Афганистандын Улуу Памиринде жашаган 33 кыргыз Кыргызстанга көчүрүлүп келди. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына вице-премьер Чолпон Султанбекова билдирди.
Анын айтымында, учурда алар Оштон Жалал-Абадга келишти.
"Көчүрүлүп келген 33 кыргыздын көбү балдар. Аларды билим берүү максатында алып келдик. Араларында кош бойлуусу дагы бар. Андыктан 34 кыргыз деп жатабыз. Себеби келиндин төрөө маалы жакындап калыптыр", — деди Султанбекова.
Ал белгилегендей, памирлик кыргыздар эми Жалал-Абаддан Нарын шаарына алып келинип, аймактарга жайгаштыруу иштери жүргүзүлөт.
Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 2-октябрында Афганистандагы Улуу жана Кичи Памирде жашаган этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам көрсөтүү максатында жүк салынган бир нече автоунаа жөнөтүлгөн.