Атамбаевдин чычылаткан, таңгалдырган жана намыстанткан сөздөрү

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев вручил ключи от новых квартир сотрудникам МЧС
Президент Алмазбек Атамбаев вручил ключи от новых квартир сотрудникам МЧС - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан президент Алмазбек Атамбаевдин башкаларды козголткон сөздөрүн тизмектеп көрдү

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Ишемби күнү 7-октябрда кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлактарды тапшырып жатып президент Алмазбек Атамбаев Казакстан байлыктарды уурдап жаткандыгын айтты.

Муну менен бирге казактарды Чыңгызхандын бир туугандары башкарып жатабы ден күмөн санап жаткандыгын кошумчалады

Анын пикиринде байлык элге эмес, бийликтегилерге агып жатат. Ал мындай оюн казак президенти Нурсултан Назарбаевдин Кыргызстан президенттигине талапкерлердин бири менен жолуккандыгынан улам айтты. "Кыргызстан менен Атамбаев адилеттүү бийликтин таамай жүзү болгондуктан" кыргыз президенти "казак бийлиги дал ушундай жолбашчыларды таңуулоону көздөп жатат" деген пикирин билдирди.

Государственный визит Алмазбека Атамбаева в Узбекистане - Sputnik Кыргызстан
Атамбаевдин Ташкентке болгон сапары. Ажо эмне менен кайтты
Мындай билдирүүдөн кийин Казакстан ТИМи нааразылыгын билдирип, ал тургай Казакстандагы интернет аймагында ар кыл пикирлер жаады.

Бул Атамбаевдин биринчи ирет айтып жаткан оргу-баргы сөзү эмес. Буга чейин мамлекет башчысы бир нече ирет башкаларды чычалаткан, намыстандырган жана нааразылыгын жараткан билдирүүлөрдү жасаган. Sputnik Кыргызстан андай учурларды тизмектеп көрдү.

Казакстандын катар-катар билдирүүсү, "иренжиген" депутаттар

Быйылкы жылдын башында Атамбаев ЕЭАБге кирүү зарылдыгы тууралуу телеканалына маек берип жатып, Казакстан тууралуу дагы кеп кылган.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевАтамбаевдин Бельгияга жасаган иш сапарында Euronews телеканалына маек берген
Рабочий визит президента Кыргызстана Алмазбека Атамбаева в Королевство Бельгия - Sputnik Кыргызстан
Атамбаевдин Бельгияга жасаган иш сапарында Euronews телеканалына маек берген
 

"Соода-сатык жүргүзүү үчүн кошуналар менен кызматташуу керек. Эгер Евразия экономикалык биримдигине кирбегенибизде жолдор жабылмак. 2010-жылы Казакстан чек арасын 1,5 айга жапканда бизде адам өлүмү дагы болгон", — деген Атамбаев.

Заседание межгосударственного совета ЕврАзЭС - Sputnik Кыргызстан
Томсоргон, жылмайган Атамбаев. Кыргызстандын президенти 60 жашта
Буга Казакстан кандай жооп кылган? Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын убактылуу өкүлү Кайнарбек Токтомушевге президент Алмазбек Атамбаевдин билдирүүсүнөн улам дипломатиялык нота тапшырган. Окуя менен менен аяктабай, казак президенти Нурсултан Назарбаев "2010-жылы чек араны аргасыз жапканбыз, окуя кайталанса дагы жабабыз" деген тейде үн каткан.

Буга ЖКдагы КСДПчы депутаттар "ажонун айтканы аларды иренжиткенин" билдиришкен.

Каримов менен болгон айтышуу. Өзбекстанды ким козгоду?

2015-жылдын 8-майында КМШнын башчыларынын бейрасмий жолугушуусунда Кыргызстан президенти Ислам Каримов менен айтыша кеткен.

Атамбаев Улуу Ата мекендик согушка республиканын элинин чейрек бөлүгү кетип, анын үчтөн бери кайтпай калганын айткан. "Жеңишти эч ким бөлбөшү керек" деген президент.

"Биринчиден, мындай эскертүү кылуу туура эмес, экинчиден, чекилик. Мында биздин досубуз Атамбаев бирөөлөрдү демитип, унутуп бара жатат дегендей айтып жатат. Бул дагы пайдасы жок, жөнсүз кеп", — деген Каримов.

Мамдепартамент…

Ал эми Атамбаев жайкы маалымат жыйыны учурунда АКШнын мамлекеттик департаментинин демократтар учурунда алып барып жаткан саясатына эч кимдин ичи жылыбай тургандыгын айткан. Америкалык аба базасын жабуу алдында аны башка өлкөлөрдүн лидердери Иран бул базага сокку жасап, кыргызстандыктар жабыр тартышы мүмкүндүгүн божомолдогон

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Атамбаевдин 2017-жылы жай айында Чолпон-Ата шаарындагы маалымат жыйыны
Летняя пресс-конференция Алмазбека Атамбаева в Чолпон-Ате - Sputnik Кыргызстан
Президент Атамбаевдин 2017-жылы жай айында Чолпон-Ата шаарындагы маалымат жыйыны

"Эсиңиздерде барбы, 2014-жылы маркум Ислам Абдуганиевич (Өзбекстандын президенти — ред.) аймакта суу үчүн согуш чыгышы мүмкүндүгүн айткан. Ошол эле жылдын аягында Өзбекстан ар бири миллион доллар турган 328 сооттолгон унаа алган. Мына, демократия, демократтардын сөзү ушул. Мен "эгер силер чыныгы демократ болсоңор, эмнеге бизге берген жоксуңар?" деп сурадым", — деген анда президент.

Ошондой эле акылдуу болсо, төңкөрүштө эмне, уктап калыштыбы?

Түркиянын ТИМи ЖМКлар аркылуу Кыргызстанга эки ирет сөз кыйыткан. Анда диний аалым Фетхуллах Гүлендин шакирттерине тиешелүү "Себат" мектептерин жабуу зарылдыгын айткан. 

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЫсык-Көлдүн жээгиндеги маалымат жыйыны
Пресс-конференция президента Алмазбека Атамбаева на побережье Иссык-Куля - Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көлдүн жээгиндеги маалымат жыйыны

Ал эми Түркия элчиси Кыргызстандын эл аралык уюмдарга болгон мүчөлүк акысын Анкара төлөп келгенин билдирген.

"Бул болбогон кеп. Эгер алар ошондой эле акылдуу болсо, төңкөрүштө эмне, уктап калыштыбы? Биз бардык кеңештерди угабыз жана маалыматтарды текшеребиз. Бизди коркутуп же үйрөтпөй эле коюшсун", — деген Атамбаев.

"Ыпластар" туурасында

Бул жылы Кыргызстанга БУУнун Коопсуздук кеңешинин катчысы Антонио Гутерриш келип, журналисттердин суроолоруна жооп берген. Ал өлкөдө бир катар адамдар дагы деле ыпластыкты издөөнү улантып жаткандыгын айткан. Андай саясатчыларды, журналисттерди жана укук коргоочулорду ыпластарга салыштырып, "дерьмо" сөзүн колдонгон. Мындай адамдар мамлекетти сүйбөй тургандыгын айткан жайы бар.

Жумакадыровдун тажиясында Атамбаевдин көзүнө жаш тегеренди. Видео - Sputnik Кыргызстан
Жумакадыровдун тажиясында Атамбаевдин көзүнө жаш тегеренди. Видео
Мамлекет башчы бул сөздү кийин журналисттерге маалымат жыйынын өткөрүп жатканда да колдонгон.

"Менин айрым сөздөрүмдү кээ бирлер сөгүнүү катары кабыл алышты. Одоно болсо да "дерьмо" адабий сөз. Ошол "ыпластар" кетип, өлкө таза адамдардын колуна өтүп, андан аркы өнүгүүсүн каалайм. Президенттикке аттанган бир катар талапкерлер өздөрүн жарнамалап жатат, бирок алардын орду түрмөдө. Мунун баары артта калат деп ишенем. Бирок саясатчылардын кечирүүгө болбой турган нерселери бар. Күнүмдүк атак-даңк эл келечегине татыбайт ", — деген ал.

"Келемиштер" тууралуу

Былтыркы жылдын соңунда күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине салынган үйлөрдүн ачкычын тапшырып жатып, курал кампаларындагы уурдап, тоноолор туурасында айткан

Алмазбек Атамбаев: милицияда азыр да "айбандар" көп

"Буга кампаларда отурган "келемиштер" жана начальниктер күнөөлүү. Эгерде Кашкар (Кашкар Жунушалиев — ИИМдин ал кездеги министри – ред.) тазалай албаса, мен тазалайм. Күч түзүмдөрүн тазалап чыгыш керек. Дагы бир ирет кайталап коёюн, тартип коргоо органдарынын кызматкерлеринин арасында азыр кезге чейин "келемиштер" жойлоп жүрөт. Андайлардын айынан чек арачылар менен аскердик ведомстволордогу күч түзүмдөрү жаманатты болууда", — деген ачууланган Атамбаев.

Бекепоз күйөөдөн сүт берген уй артык

2013-жылдын соңунда ал үйдөгү малдын башын көбөйтүп, айыл чарбасын жакшыртууну айткан жайы бар.

"Бекерпоз күйөөнүн ордуна бир саан уй болгон артык", — деген ошондо преиздент.

Бир кружка пиво…

Шайлоодон добуштарды сатып алуусу менен коомчулуктун тикесинен тик туруп күрөшүүсү тууралуу 4-октябрда 2015-жылы Жогорку Кеңешке шайлоо болуп жатканда айтканы бар

© Sputnik / Табылды КадырбековМамлекет башчысы Атамбаев добуштарды соодалоо жакшы иш эмес экендигин айтып келет
Атамбаев не спал всю ночь, потому что сбылась его мечта о чистых выборах  - Sputnik Кыргызстан
Мамлекет башчысы Атамбаев добуштарды соодалоо жакшы иш эмес экендигин айтып келет

"Бул сыраканага барып, бир кружка тартып жиберүү эмес, бул деген өлкөнүн келечегин тандоо. Жарандар муну өздөрү токтотушу керек. Эгер алар өздөрү таза болсо, эч ким сатып ала албайт", — деген Атамбаев.

Үчүнчү революция болот-болбойт деген сөздүн тегерегинде

Атамбаев Россия лидери Владимир Путин менен биргелешип журналисттер үчүн берген маалымат жыйынында өлкөдө үчүнчү революцияны жасабай тургандыгын айткан

Атамбаев: я не буду делать третью революцию

"2005-жылы мен ээрчитип келе жаткан топко "Ак үйдү" алууга туура келди. 2010-жылы "Форум" имаратына чогулдук. Эгерде үчүнчү революция болсо… Мен аны жасабайм. Кыргызстанда ынкылаптарга чекит коюлган", — деген Атамбаев.

Педофилдерди мал сыяктуу көмүү керек

2013-жылы балдар арасындагы шахмат боюнча КР президенти Атамбаевдин кубогунун жеңүүчүлөрүн сыйлоо учурунда балдарга жасалган зомбулук туурасында айтканы бар.

"Балдарга зордук-зомбулук жасагандарды, педофилдерди мал көмгөн жерге көмүш керек. Бул айбандарды мүрзөгө жашырууга акысы жок. Мындайларга биздин коомдо орун жок. Катуу жазаланышы керек. Ал тургай түрмөлөрдө да өзүнчө отургушуз керек. Башкалар ал жерде ким бар экенин билсин", — деген президент.

Атамбаевдин президенттик мөөнөтү быйыл аяктайт. Ал 2011-жылдын 1-декабрында КРдин президентинин кызматына расмий киришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0