Атамбаев өз сөзүндө кыргыз менен казак бир тууган эл экенин айтып, ошол эле учурда азыр болуп жаткан айрым жагдайлар боюнча пикирин билдирди.
"Көп пайда тапсаңар анда эмнеге пенсияңар бизден бир жарым эсеге эле көбүрөк. Эмнеге анда тарифтериңер биздикинен беш эсе кымбат? Кыйын болсоңор элди жыргатып, анан бизге киришпейсиңерби. Биз Утемуратов кимдин капчыгы экенин билебиз. Акчасын Бабановго берсин, Сариевге берсин", — деди ал.
Президент ошондой эле Кыргызстанга уурдалган акчанын кереги жок экенин, аны андан көрө өзүнүн казак элине берсин деген пикирин билдирди.