Социалдык тармактардын колдонуучулардын Алмазбек Шаршенович саясий трибунада кээде эмоцияга алдырып сүйлөй тургандыгын жазгандары бар. Төмөндө Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги Атамбаевдин томсоргон, жылмайган, таңгалган, ачууланган, буркан-шаркан түшкөн учурларында тартылып калган сүрөттөрүн тартуулайт.
2011-жылдын 1-декабрында Алмазбек Атамбаев элдин тандоосу менен өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаеванын ордуна келди.

Президент Алмазбек Атамбаев Москвада өткөн ЕврАзЭС жыйынында

Мамлекет башчысы Көчмөндөрдүн дүйнөлүк II оюндарынын ачылыш салтанатында

Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына арналган "Ала-Тоо" аянтындагы салтанатта

Мамлекет башчы Атамбаев Россия лидери Владимир Путин менен КМШ өлкөлөрүнүн лидерлеринин Бишкекте өткөн жыйынында

Президент Алмазбек Атамбаев учакта

Алмазбек Атамбаев КМШ өлкөлөрүнүн лидерлеринин жолугушуусунда. Кремль

Парламенттик шайлоону утурлай журналисттердин алдында сүйлөп жатат

Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ менен жолугушуу учурунда

Президент кыргыз-орус сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгынан кийин

Алмазбек Атамбаев ЕврАзЭСтин мамлекеттер аралык кеңешинде

ШКУга мүчө өлкөлөрдүн жетекчилеринин жыйынынын алкагында Россия лидери Владимир Путин менен жолугушуу учурунда

Мамлекет башчысы 2016-жылдын 1-августундагы маалымат жыйыны учурунда

Президенттин 2015-жылдын жыйынтыгы менен берген маалымат жыйыны. Сүрөт Атамбаевдин бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары туура эмес маалыматтарды жазат деп кескин сын-пикир айтып жаткан учурда тартып алынган

Президент 2010-жылдын 7-апрелинде каза болгондорго арнап гүлчамбар коюу үчүн бара жатат

Атамбаев Улуу Ата мекендик согуштун 71 жылдыгына карата уюштурулган митинг-реквием учурунда

Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына арналган "Ала-Тоо" аянтындагы салтанатта сүйлөп жатат

Президент Улуу Ата мекендик согуштун катышуучусу, Кыргыз Эл баатыры, акын Сүйүнбай Эралиевдин үйүндө конокто
