Япониялык бизнесмен Бишкекке келип кайырчыга айланганда. Ишкер менен маек

© Sputnik / Максат ЭлебесовКыргызстанга келген япониялык саякатчы Жунжи Накажиманын
Кыргызстанга келген япониялык саякатчы Жунжи Накажиманын - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жылдардын өтүшү менен 35 жаштагы Жунжи Накажиманын турмушу туралуу тасма тартууга болот. Бул тайманбас жигит мотоциклин минип, акчасы жок эле дүйнө кезүүгө чыккан. Азыр гитарада ойноп жанын багат, ал эми жарым жыл мурун эле жеке камсыздандыруучу ишкананын ээси эле.

Жунжини "Айчүрөк" соода борборунун айланасынан кезиктирдик. Гитарада ойноп, япончо ыр аткарса, ары-бери өткөндөр апендидей кабылдап турган. Бирок аяр басып, андагы жазууну окугандар жылмая карап, акча таштап жатышты.

— Сизге узатчу суроо көп. Баарлашуубузду эң жөнөкөй жол менен баштайлы, өзүңүз жөнүндө кеп салып бериңизчи.

— Осакодон болом. Токиодон анча алыс эмес ири шаарлардын бири. Төрт айдан бери саякаттап жүрөм. Адегенде Түштүк Кореяга, кийин Россияга — Владивосток, Хабаровск, Читага бардым, андан соң, Монголияда бир айча жүрүп, кайра Россияга Байкалга баруу үчүн кайттым. Андан ары Новосибирск, Омскиге бардым. Россияда баш-аягы эки ай болдум. Андан ары Казакстанга жол алып, адеп Петропавловск, Астана, кийин Алматыга багыт алдым. Казакстанда туура бир ай жашап, жакында Бишкекке келдим.

— Жактыбы бул жер?

Путешественник из Кыргызстана Адилет Ногойбаев - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык Адилет Европанын 4 мамлекетин 60 миң сомго кыдырып чыкты
— Ооба, аябай жактырдым бул жерди. Бирок түндө шаардын капкараңгы болушу айланы кетирет экен. Болбосо адамдар көңүлүмө абдан жакты. Гитарада ойносом, жылмайып карап турушат.

— Мотоциклчен, чөнтөктө бир тыйын жок, гитара менен жан багып саякаттоо… Көп түшүнө албай турам, мындай алаңгазар кадамга кандайча бардыңыз?

— Бул татаал собол. Мен баарын көргүм келет — ар кыл өлкө, ар кандай маданият, ар башка адамдар, дүйнөнүн ар бурчунан дос тапкым бар. Анык бир максатым жок — бул болгону жашоо мүнөзүм. Алдыдагы төрт жыл аралыгында дүйнөнү толук кыдырып чыксам дейм.

— Японияда эмне менен алек элеңиз?

— Трейдер болчумун — токиолук биржада беш жыл бою акция саттым. Андан соң жеке камсыздандыруучу ишканамды түптөп, беш жыл иштеттим. Эми дал ушунча жыл саякаттайм. Жашоо образым ушундай.

— Дүйнө кыдырып чыккандан кийинки беш жылдыкта кандай ишмердикти баштайсыз?

— Билбейм, азырынча чече элекмин.

© Sputnik / Максат ЭлебесовБул жазуу менен Жунжи шаарларды кыдырат — улам өлкө алмашат, сумма өзгөрөт
С такими табличками Джунджи ездит по миру: меняется страна — меняется сумма - Sputnik Кыргызстан
Бул жазуу менен Жунжи шаарларды кыдырат — улам өлкө алмашат, сумма өзгөрөт

— Бир тууган, жакындарыңыз барбы?

— Атам, апам, улуу агам жана эжем бар. Сурооңуздун төркүнүн түшүнүп турам, алар буга кандай карашарын билгиңиз келип турат окшойт.

— Ооба.

— Алар каршы болгон жок. Бул менин жашоом, кандай кыларымды өзүм гана чечеримди айтышкан.

— Англис жана япон тилин эле билет экенсиз. Саякаттоо оор эмеспи?

— Англис тилинде сүйлөгөн адамдар кездешет. Башкаларды түшүнүп жана өзүмдүн оюмду түшүндүрүп берүү андай деле татаал эмес — мындайда кол жаңсоо же ымдоо жардамга келет.

— Түшүнгөнүм боюнча Японияда кедей деле адам эмес экенсиз. Эмнеге тыйыны жок саякаттоону чечкенсиз?

— Японияда акчам бар, бирок азыркы тапта тыйыным жок. Көп акча менен саякаттасам, кызыгы жок болуп калбайбы. А мага ошол укмуш жолдун өзү кызык болуп жатат. Акчаң болбосо, көп кызыктарга кабыласың, бул көпкө жадымда сакталат.

— Жагымсыз окуяларга кабылган жоксузбу?

— Жок, азырынча андай боло элек. Бир гана ирет Новосибирскиде жүргөндө мотоциклим бузулуп калган. Бирок өзүңүздөр көрүп тургандай, оңдоп алгам.

— Жаныңызда жылуу кийим барбы?

— Ооба.

— Үч миң сом керек деп жазып алыпсыз. Мындай так сумманы кантип эсептедиңиз?

— Бул так эсеп эмес. Кийинки барчу жериме канча акча керек деп гана ойлоном. Ал өлкө болобу, шаар болобу, шарт эмес. Маселен, азыр Ошко, андан ары Өзбекстанга сапар алганы турам. Ал жактан кийинки сапарыма жете турган башка суммадагы акча топтойм.

— Адамдар жакшы эле акча ташташабы?

— Акча топтоо өтө деле татаал эмес. Маселен, борбордук аянтта эртеден кечке дейре гитарада ойноп, эки миң сомдой чогулттум. Казакстанда бир айда 600 доллар, Россияда миң доллардын тегерегинде каражат топтогом.

— Бул айтканыңыздан кийин аянтка айрымдар гитарасын көтөрүп чыгат го. Андан ары кайда барасыз?

— Ошко жетип алсам, жолдон Сары-Челекке токтоп, андан ары Баткен, Тажикстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Иран, Пакистан, Индия, Европа, Мисир, Түштүк Африка, Кейптаун, Түштүк Африка республикасы, Нью-Йорк, Мексика, Бразилия жана Австралияны мээлеп турам. Бирок бул багыттар аталган мамлекеттерге виза алып-албаганыма жараша аныкалат.

— Instagram баракчаңызда саякаттарыңыз боюнча маалымат, сүрөттөр көп тура. Улам карап, кабар алам.

— Кызыктуу сүрөттөрдөн көбүрөөк салып турууга аракет кылам. Маселен, Кыргызстанга келгенимде теңгени сомго алмаштырып, сиздердин валютанын сүрөтүн койгом. Баса, ал абдан кооз, түстүү экен.

— Сизде баары алдыда экен, бирок мотоциклчен, тыйын-тыпырсыз, гитараңызды гана көтөрүнүп жүрөсүз. Кокусунан бул унааңыз бузулуп же уурдап кетишсе эмне болот?

— Бул боюнча ойлонгом. Баарын убакыт көрсөтөт. Эгер мотоциклим уурдалып кетсе, анда саякатыма чекит коюлат.

Жаңылыктар түрмөгү
0