Улуу кызын турмушка узаткан ата-эне кичүү кызынан айрылды. Чоң-Алайдагы жол кырсык

© Sputnik / Зульфия ТургуноваСары-Таш —Карамык унаа жолунун 112-чакырымында 17 жаштагы окуучу бала башкарып бараткан унаа оодарылып кеткен
Сары-Таш —Карамык унаа жолунун 112-чакырымында 17 жаштагы окуучу бала башкарып бараткан унаа оодарылып кеткен - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Турмушка чыгып жаткан 18 жаштагы кыздын бир тууган сиңдиси жол кырсыгынан улам окуя болгон жерде көз жумган.

ОШ, 18-сен. — Sputnik. Чоң-Алай районунда улуу кызын турмушка узатып жаткан үй-бүлө той күнү жол кырсыгына кабылган тогуз жаштагы кичүү кызынан айрылып калды. Бул тууралуу кыздардын атасынын бир тууган иниси Майрамбек Тагаев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

© Sputnik / Зульфия ТургуноваЧоң-Алай районунда улуу кызын турмушка узатып жаткан үй-бүлө той күнү катталган унаа кырсыгынан улам тогуз жаштагы кичүү кызынан айрылып калды
Чоң-Алай районунда улуу кызын турмушка узатып жаткан үй-бүлө той күнү катталган унаа кырсыгынан улам тогуз жаштагы кичүү кызынан айрылып калды - Sputnik Кыргызстан
1/3
Чоң-Алай районунда улуу кызын турмушка узатып жаткан үй-бүлө той күнү катталган унаа кырсыгынан улам тогуз жаштагы кичүү кызынан айрылып калды
© Sputnik / Зульфия ТургуноваЭске сала кетсек, кечээ, 17-сентябрда саат 14.00дөр чамасында Сары-Таш —Карамык унаа жолунун 112-чакырымында 17 жаштагы окуучу бала башкарып бараткан унаа оодарылып кеткен
Эске сала кетсек, кечээ, 17-сентябрда саат 14.00дөр чамасында Сары-Таш —Карамык унаа жолунун 112-чакырымында 17 жаштагы окуучу бала башкарып бараткан унаа оодарылып кеткен - Sputnik Кыргызстан
2/3
Эске сала кетсек, кечээ, 17-сентябрда саат 14.00дөр чамасында Сары-Таш —Карамык унаа жолунун 112-чакырымында 17 жаштагы окуучу бала башкарып бараткан унаа оодарылып кеткен
© Sputnik / Зульфия ТургуноваАнын кесепетинен 9 жана 16 жаштагы кыздар көз жумуп, айдоочу менен жүргүнчү эки кыз оор абалда ооруканага түшкөн.
Анын кесепетинен 9 жана 16 жаштагы кыздар көз жумуп, айдоочу менен жүргүнчү эки кыз оор абалда ооруканага түшкөн. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Анын кесепетинен 9 жана 16 жаштагы кыздар көз жумуп, айдоочу менен жүргүнчү эки кыз оор абалда ооруканага түшкөн.
1/3
Чоң-Алай районунда улуу кызын турмушка узатып жаткан үй-бүлө той күнү катталган унаа кырсыгынан улам тогуз жаштагы кичүү кызынан айрылып калды
2/3
Эске сала кетсек, кечээ, 17-сентябрда саат 14.00дөр чамасында Сары-Таш —Карамык унаа жолунун 112-чакырымында 17 жаштагы окуучу бала башкарып бараткан унаа оодарылып кеткен
3/3
Анын кесепетинен 9 жана 16 жаштагы кыздар көз жумуп, айдоочу менен жүргүнчү эки кыз оор абалда ооруканага түшкөн.

Эске сала кетсек, кечээ, 17-сентябрда саат 14.00дөр чамасында Сары-Таш — Карамык унаа жолунун 112-чакырымында 17 жаштагы окуучу бала башкарып бараткан унаа оодарылып кеткен. Анын кесепетинен 9 жана 16 жаштагы кыздар көз жуумп, айдоочу менен жүргүнчү эки кыз оор абалда ооруканага түшкөн.

Тагаевдин айтымында, анын бир тууган агасы Анарбек Тагаев 18 жаштагы кызын КараМык айылына турмушка узатып жаткан.

Мотоцикл менен Toyota Passo үлгүсүндөгү машина 19-августтун түнүндө Чүй проспектиси менен Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинде кагышкан - Sputnik Кыргызстан
Назаровдун кызы кабылган жол кырсыгы: куугунга түшкөн милицияга иш козголду
"Кечээ, 17-сентябрь күнү бир тууган агамдын кызынын үлпөт тоюна баруу үчүн 5-класстагы кызым Таңсулуу саат 10.00дөр чамасында эки жаштын достору менен кеткен. Алар Карамык айылынан райондун борбору Дароот-Коргонго барып, эс алып келишмек. Саат 14.00дөр чамасында унаалардын бири аласалып кеткендиги тууралуу суук кабар келди. Ал унаада менин да кызым бар экен. Комага түшүп калыптыр. Бүгүн араң өзүнө келди. Бирок дагы деле сүйлөй албайт. Бизди таанып-тааныбай жатат", — деди Тагаев.

Ал ошондой эле агасы Анарбек Тагаев бир күн ичинде бир кызын турмушка узатып, экинчи кызынан айрылып калгандыгын кошумчалады.

"Угушума караганда, кырсыкка себепкер айдоочу буйрутма менен чыккан экен. Ал экинчи унаадагы айдоочу менен жарышып ойногон. Кырсыктын кесепетинен агам 2-класста окуган кызынан айрылып калды. Учурда айдоочунун үстүнөн арыз деле жазган жокпуз. Агам каза болгон кызынын сөөгүн жерге берди. А мен болсо комада жаткан кызым менен убарамын", — деди ал.

Тагаев кырсык катталгандан кийин той токтоп аза күтүлгөнүн, каза тапкан кыздардын бири турмушка чыгып жаткан кыздын курбусу болгонун кошумчалады.

Ал эми Чоң-Алай районунун жалпы дарыгерлеринин практикалык борборунун директорунун орун басары Арстанбек Карыбасовдун айтымында, жабыркаган айдоочу менен эки кыз оор абалда жатат.

"17 жаштагы айдоочу баланын баш мээси чайкалып, көкүрөк клеткалары менен омурткасы жабыркаган. 18 жаштагы жүргүнчү кыздын да баш мээси чайкалып, омуртка сөөгү сынган. Ал эми 14 жаштагы кыздын баш эти айрылып, сол акыреги сынган жана омурткасы жабыркаган", — деди Карыбасов.

Дарыгер учурда бейтаптарга тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлүп жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0