БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Оштун Чоң-Алай районундагы Карамык айылында Lexus RX-300 аласалып кеткенин Sputnik Кыргызстан агенттигине милициядан билдиришти.
Кырсык 17-сентябрь күнү болжол менен саат 16.30дарда болгон.
"Унааны 17 жаштагы бала айдап келе жаткан. Ичинде ар кыл курактагы окуучу кыздар бар экен. Айдоочу рулду башкара албай жолдон чыгып кетип, оодарылып калган. 9 жана 16 жаштагы кыздар каза болду. Калгандары оор абалда ооруканага жеткирилиген", — дешти милициядан.
Аталган факт боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалды. Тергөө жүрүп жатат.