Стивен Сигал өкмөт башчы Сапар Исаков менен жолугуу үчүн Бишкекке келди

© Sputnik / Табылды КадырбековАтактуу актер Стивен Сигалдын архвдик сүрөтү
Атактуу актер Стивен Сигалдын архвдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Белгилүү актер премьер-министр менен дүйнөлүк көчмөндөрдүн III оюндарын уюштуруу боюнча сүйлөшөт

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Атактуу актер Стивен Сигал Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштурууда өзүнүн идеялары менен бөлүшүү үчүн Бишкек шаарына келди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, бүгүн белгилүү актерду премьер-министр Сапар Исаков кабыл алат.

"Жолугушууда дүйнөлүк көчмөндөрдүн III оюндарына даярдык көрүү боюнча сөз болот. Көчмөндөр оюндарын өткөрүү жана масштабын арттыруу боюнча Стивен Сигалдын бир топ идеялары бар", — деп жазылат маалыматта.

Стивен Сигал Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын элчиси. Ал өткөн жылы болгон оюндарында парадды ачып берген. Буга чейин болсо Сапар Исаковду өкмөт башчылыкка дайындалышы менен куттуктаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0