"Майлуу-сүттүү" кызматта жүргөн Кубанычбек Кулматов тууралуу 7 факты

© Фото / пресс-служба ЖКУлуттук банктын төрагалыгына дайындалган Кубанычбек Кулматов
Улуттук банктын төрагалыгына дайындалган Кубанычбек Кулматов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн, 14-сентябрда, Жогорку Кеңештин депутаттары Улуттук банктын төрагалыгына Кубанычбек Кулматовдун талапкерлигин жактырды. Өз кезегинде Кулматов бул кызматка аны президент Алмазбек Атамбаев өзү сунуштаганын билдирди.

Кулматов буга чейин Кыргыз-орус өнүктүрүү фондун жетектеп келген. Эл өкүлү Алтынбек Сулайманов анын алты жылда алты майлуу-сүттүү кызматта иштегенинин сыры эмнеде экенине кызыгып суроо салды.

Сулайманов: Кубанычбек мырза, 6 жылда 6 чоң кызмат алмаштыруунун сыры эмнеде?

Sputnik Кыргызстан агенттиги Улуттук банктын төрагалыгына жаңыдан дайындалган Кубанычбек Кулматов тууралуу 7 фактыны сунуштайт.

1. Кесиби боюнча тарыхчы. Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетин аяктаган, мындан сырткары, Андрей Жданов атындагы Ленинград мамлекеттик университетинен тарыхчы адистиги боюнча билим алган. 2003-жылы Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетинин менеджмент факультетин аяктаган. Тарых илимдеринин кандидаты.

Кыргыз-орус өнүгүү фондунун төрагасы Кубанычбек Кулматов - Sputnik Кыргызстан
Кулматов: саясатка кызыккан эмесмин. Азыркы максат — ишкерлерге жардам берүү
2. Бажы кызматында балкыган 7 жыл. Алгач Бажы тармагына 2004-жылы баш баккан. Ал арада бир нече комитеттин, инспекция директорлорунун орун басары жана кеңешчиси болуп иштеген. 2010-жылы бийлик алмашкандан кийин Бажы кызматынын төрагалыгына дайындалып, аны үч жыл жетектеген.

3. Кыска мөөнөттүү кызматтары. 2013-жылы Кыргызстандын президентинин кеңешчиси болуп бир ай иштеген. Ал кызматтан кетээри менен өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү болуп жети ай эмгектенген. Андан соң Бишкек шаарынын мэри болуп дайындалган. Борбор калааны эки жыл башкарып, 2016-жылдын 9-февралында өз ыктыяры менен мэрликтен баш тарткан. Анын себебин үй-бүлөлүк шартка байланыштуу чет мамлекетке кетип жатканы менен түшүндүргөн. Бирок арадан бир ай өтпөй эле Орус-кыргыз өнүктүрүү фондусуна төрага болуп келген.

4. Эмнеси менен элдин эсинде калды? Мэр болуп турганда "шаар жакшы тазаланбай жатат" деп президенттен жеме уккан. Алмазбек Атамбаев "эгер жыл соңуна чейин шаарды таштандыдан арылтуу иштерин тартипке сала албасаңыз башка жумуш издешиңиз керек" деген талап койгон. Ал эми Кулматов техниканын жетишсиздигинен улам ушундай көйгөй чыгып жатканын жүйө келтирген.

Кийин Орус-кыргыз өнүктүрүү фондусунда иштеп жатканда Жогорку Кеңештин депутаттары Кулматов 15 миң доллар маяна аларын айтып таң калышкан. Бул боюнча журналисттер өзүнөн сураганда ал коммерциялык сыр экенин айтып, маянасын ачыктоодон баш тарткан.

Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаеванын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Роза Отунбаева 67 жашка толду. Аты өзгөргөн коомдук ишмер тууралуу 7 факты
5. Саясатчы болгусу келбейт. Кулматов Sputnik Кыргызстан агенттигине берген маегинде "Мен эч качан саясатчы болгон эмесмин. Ар дайым саясаттан оолак болууга аракет кылам. Кызматым жагынан жакын болсом да, башка жагынан өзүмдү алыс кармап жүрдүм" деп айткан. Кийинчерээк президенттикке талапкерлигиңизди коёсузбу деген суроого "Бул суроо мага ыңгайсыздык жаратууда. Мени саясатка аралаштырганыңарды токтоткулачы!" деп жооп берген.

6. Ийгилик сыры. Жогорку Кеңеште Кубанычбек Кулматовдун Улуттук банктын төрагалыгына талапкерлиги каралып жатканда, депутат Алтынбек Сулайманов алты жылдан бери майлуу-сүттүү кызматтарда жүргөнүн айтып, ийгилик сырына кызыкты. Бирок Кулматов кайсы гана жумушка барбасын, өтөсүнө чыгып жатканын билдирип, ийгилик сыры мыкты иштеп жыйынтык көрсөтүүдө экенин айтты.

7. Үй-бүлөсү тууралуу. Кубанычбек Кулматов 1963-жылы 14-февралда Фрунзе шаарында туулган. Үч баланын атасы. Полковник аскер чини бар. Бир баласын 2016-жылы аскер кызматын өтөөгө жөнөткөн. Ал эми Каныбек аттуу уулу терезелери караңгылатылган унаасы менен Кайгуул милициясына баш ийбей качкан. Акыры кармалып, унаасы айып короого токтотулган.

Атасы Кеңеш Кулматов Россия дипломатиялык академиясында проректор, СССРдин Непал Королдугунда жана Бириккен Танзания республикасында толук ыйгарымдуу элчиси, Россиянын Тышкы иштер министрлигинин өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси, СССРдин Жогорку Советинин 6-чакырылышынын депутаты болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0