Кубанычбек Кулматов — мурда Мамлекеттик бажы кызматын жетектеп, кийин Бишкек шаарынын мэри болгон. Учурда Кыргыз-орус өнүгүү фондунун төрагасы.
Редакциябызга кирери менен журналисттер менен учурашып, студияга бет алды. Ал ортодо кабарчыбыз Азамат Аралбаев: "мэрлик посттон кетип атканда эми журналисттер тажатпайт" деп кубандыңыз эле десе, "тажаткансыңар да" деп жооп берип, баарыбызды күлдүрдү.
— Бизге келе жатып жолдогу музду, жыгылып калган бактарды көрдүңүз да. Мэрликтен кеткен соң эми мунун баары сиздин баш ооруңуз эместигине кудуңдап сүйүнсөңүз керек?
— Андай эмес! Шаарга карата жоопкерчиликтүү мамилем сакталып калды. Кантсе да 2 жыл жетектедим. Бул кар, үшүк алдын ала даярданууга мүмкүн болбогон күтүлбөгөн кырдаал. Бирок тиешелүү кызматтар иштеп жатат, катаал аба ырайынын кесепетин бат эле жоюп койсо болот менимче.
— Кыргыз-орус өнүгүү фондун башкарарыңызды билгенде кандай ойдо болдуңуз эле?
— Абдан кызыктуу болгон. Анткени мен жаңы башталыштардын башында турганды жакшы көрөм. Менимче адам иштеп жаткан жерине биротоло көнүп албашы керек. Анткени ар нерсени жаңы баштап атканда алгач кызыгуу, кийин көнүмүш болуп калат. Ошол себептүү убагында кетип калыш керек.
— Бир экономист менен маектешкенимде ал жеңилдетилген насыялар таза атаандаштыкты өлтүрөт деди эле. Анткени насыялардын мындай түрлөрү бардык эле ишкерлерге бериле бербейт эмеспи. Мисалы, шире өндүргөн эки ишкерди алалы. Бирөө жеңилдетилген насыяны алды деп коёлу. Бул учурда анын товарынын баасы арзандайт. Сатып алуучуларга жакшы болгону менен экинчи ишкерге бут тосуу болуп калып жатпайбы.
— Бизде бирөөнө берем да, экинчисине бербейм деген кош стандарт жок. Фонддун абдан көп насыяларды берүүгө мүмкүнчүлүгү жетет.
Бул жеңилдетилген насыялар баардык ишкерлерге жеткиликтүү, болгону кеп ишкерлердин ошол акчаны пайдалуу иштетип, киреше таба аларында.
Негизи эле ишкерлер өз товарларын кайдагы бир бирөөлөр үчүн өндүргөн жок да. Ал өз жарандарыбыз, кыргызстандыктар үчүн! Эгер бир ишкер өндүргөн шире сапаттуураак жана арзан болуп калса, демек экинчи ишкер дагы ошол багытта иштеши керек. Ким заводун жеңилдетилген насыяга курса эле, ал ошол бойдон базардын "ээси" болуп тура бербейт да.
Экинчи маселе — товарды Кыргызстан үчүн гана өндүрө бербей, экспортко алып чыгуу кажет. Бул дагы өтө маанилүү. Фонд бизге ушундай мүмкүнчүлүк берди. ЕАЭБ курамына кирдик, бул бизге 184 миллион кардары бар рынок ачылды дегенди билдирет. Бул өтө чоң рынок.
— Насыяны ар бир ишкер алууга болорун айтып жатасыз. Бирок аны бериш үчүн силер ишкерлерден бардык жагынан ачык-айрымдыкты талап кыласыздар да. Бул албетте туура дечи, бирок биздин ишкерлер жашырынып иштегенди жакшы көрөт эмеспи.
Биз аларга эгер бизден жеңилдетилген насыя алабыз десеңер кирешеңерди ачык көрсөтүшүңөр керек деп айтабыз. Ансыз бир да адам силердин бизнеске акча салгысы келбейт. Элди салык төлөөгө үйрөтүшүбүз керек. Жакыр өлкөдө бай элдер жашайт деген туурабы? Бул нонсенс!
— Салыктын бизде төмөн экенин ишкерлер мойнуна алып келет. Бирок, ушул жерде да ньюанстар бар. Мисалы, ушул эле учурда социалдык фонд ар бир кызматкердин айлыгынан 30 пайыздан алып жатат. Сиздин оюңузча ишкерлерге ачыкка чыгууга эмнелер тоскоол болууда?
— Бизде кирешеге салык болгону 10 пайыз. Кошумча нарк салыгы кайтарылат. Ал эми Соцфондго төлөгөнү – бул өз карылыгын камсыздаганы, бул тууралуу дагы унутпашыбыз керек!
Бизде айлыктарды конвертте алганга көнүшкөн. Кызматкер өзүнүн эртеңки күнүн, ошол эле акчалардан медициналык камсыздоого да кетерин ойлонбой эле ошого макул боло берет.
Мына биз баарыбыз медицинаны сындап келебиз, а биз өзүбүздүн кирешебизди жашырып атсак, ал кантип өнүкмөк эле?
— Силердин азыр жылдык төлөмү 4 пайызга түшүрүлгөн арзан насыяңар банк системасына башаламандык алып келерин айтып келишет. Жылдык төлөмү 25 пайыздык коммерциялык банктар сиздер менен атаандаша албасы белгилүү да. Насыялар боюнча пайыздар түшүп баратат, алар менен биргеликте депозиттер дагы. Бул эмне менен бүтүшү мүмкүн?
— Экономикага бул – өтө жакшы. Өндүрүшүн өстүрүү үчүн карыз алып жаткан киши 18-20 пайыздык жылдык төлөмү бар насыя алат. Бул реалдуубу?
— Эгер соода сатыкка болсо ооба, бирок өндүрүштү айта турган болсок, пайдасы жок болуп жатпайбы?
— Биз сооданы каржылабайбыз. Өндүрүштү күчтөндүрүүгө, жаңы жабдууларды сатып алууга басым жасайбыз.
Бул башында кичине кооптонтуп, банктар менен көпкө талашып-тартышып жүрдүк. Өзүңөр карап көрсөңөр мамлекеттеги жалпы кредиттик портфель 1 миллиард 200 миллион долларды түзөт. Анан кайдан-жайдан карамагында миллиарды бар "дөө" кирип келип атса. Фонддун базасында бир банк түзүп алып, рынокту толугу менен алып алсак дагы алыбыз жетмек.
Бирок биз бул жолду тандабай, банктар менен кызматташуу жолун тандадык. Кардарларын тартып алган жерибиз жок. Анын ордуна биз алардын ар кандай долбоорлорун 1 пайыз жылдык төлөмдөр менен камсыздап берүүнү сунуштадык.
— Тобокелдик боюнча дагы унутпашыбыз керек. Банктар жылдык төлөмү 18 пайыз болгон насыяларды жыргаганынан 2 жылга гана берип жаткан жок да. Биздин эл чоң өлчөмдө насыя алып, эртеси күнү аны комбайн сатып албай эле, тойго коротуп салганын айтышы мүмкүн. А силер өзүңөрдүн акчаңарды тобокелчиликтен кантип коргойсуңар?
— Бүгүнкү күндө биз республика боюнча 569 долбоорду жактырдык. Карызды кайтарып алуу жоопкерчилиги толугу менен банк өзүнө алган.
Анан албетте күрө алып калабыз. Карыз алган киши убагында кутулбаса, мүлкүнөн ажырап каларын жакшы түшүнөт. Биз жарандарга жөн гана ишкерлигин өндүрүп алууга мүмкүнчүлүк беребиз. Аны кандай пайдаланат – өзүнүн иши.
— Сиздер каржылаган кайсы долбоорго ишеним артып жатасыз?
— Бизде перспективдүү долбоорлор жетиштүү. Мисалы, Токмоктогу текстиль фабрикасы. Буюрса жылдын аягына чейин аны ачабыз, ал өлкөдөгү кездеме чыгарган жалгыз ишкана. Мурда кездемелерди сатып келип, кийимдерди тиксек, эми өзүбүздүн кездемени пайдаланабыз.
Дагы бир жаңы компания — "Кыргызметалл". Ал эл аралык стандарттагы буюмдарды чыгарат, мисалы арматура. Аны Афганистан, Пакистан жана башка өлкөлөргө да чыгарууну карап жатабыз.
— Сырье кайдан алынат?
— Россиядан. Мисалы ошол эле Липецкий заводу менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.
— Мен силердин планыңардан 80 миллион сом жумшалган жер-жемиш сакталуучу кампаны көрдүм. Бул өтө чоң долбоор болот окшойт?
— Ооба, жер-жемиш жана жашылчаларды сактоочу борбор курулат. Бүткүл Кыргызстан боюнча ушул сыяктуу долбоорлорубуз бар. Анткени бизде айыл-чарбасынын потенциалы жогору. Өзүңөр ойлонсоңор ири ишкерлер Кыргызстандын ар кайсы жагынан фермерлерди бирден кармап алып 2-3 тоннадан алча алам деп келишим түзүп отурмак беле. Аларга бир жерде ири ишкана болуп, ал аркылуу жылына 300 миң тонна алманы үзгүлтүксүз алганы пайдалуу.
Эмнени өстүрүү керектигине дагы мамилелер өзгөрө баштады, эл талап кылган сортторго басым жасоо керек.
— Сиз башка өлкөлөрдүн ишкерлери менен көп байланышсаңыз керек. Биздин алмаларга талап барбы?
— Албетте! Талап өтө күчтүү. Бирок биз бир жолкусунда 5-10 миң тоннадан жеткирип турушубуз керек. Ансыз биз менен эч ким сүйлөшпөйт дагы.
— Дагы эмнелерге талап күчтүү? Негизи эле Кыргызстанда кайсы бизнестердин келечеги кең?
— Биз өзүбүзгө төрт жолду тандадык: биринчиси – жеңил өнөр-жай, экинчиси – айыл чарбасы. Үчүнчү багыт — Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн базасында шаарлардын инфраструктураларын өндүрүү. Анткени мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын чыгымы көп.
Биз чыгымдарды азайткан, керек болсо жок кыла турган механизмдерди табууга аракет кылышыбыз керек.
Төртүнчү жаатыбыз – бул машина жана жабдыктарды куруу. Мунсуз биз экономикабызды өстүрө албайбыз. Бир эле айыл чарба, жеңил өнөр жай жана туризм менен алыска кете албайбыз. Бизге кошумча баа жогору болгудай кылышыбыз керек. Мисалы, ашкабактын ордуна консерва, кебездин ордуна андан тигилген көйнөк сатсак болот.
— А СССР убагында иштеген ири завод-фабрикаларды калыбына келтирсе болобу? Же алар жөнүнө унутушубуз керекпи?
— Ал биздин алдыбызга койгон максатыбыздан көз каранды. Мисалы, кайсы бир жаат боюнча байланыштар сакталып калып, ошол товар бизде гана өндүрүлө турган болсо, калыбына келтириш керек.
— Кыргызстанда бизнес кылуу эмне үчүн пайдалуу? Биздин күчтүү жактарыбыз кайсы?
— Канча урушпайлы, бирок бизде шарттар абдан жакшы. Ооба, коррупция бар. Бирок, таптакыр эле жашай албай калчу деңгээлде эмес. Ошондой эле бюрократия дагы бар. Андан да качып кутула албайбыз. Бирок ал олуттуу административдик жолтоолорду жаратпайт.
Бизде электр жарыгы, жумушчу күч арзан. Иликтөө жүргүзгөнүбүздө биздин мамлекеттин артыкчылыгы – элибиздин мобилдүүлүгү экени аныкталды. Биздин эл чын эле жаңы нерсени тез өздөштүрөт.
— Дагы бир чуу жараткан нерсе фонддун кызматкерлеринин айлыктарынын көптүгү. Бул тууралуу журналисттер көп жолу жазышты. Сиз кандай ойлойсуз?
— Мен антип ойлобойм. Эл аралык институтпуз, бул айлыктарды биз аныктабайбыз. Бизде башка мамлекеттерден келген адистер эмгектенет.
Бул айлыктар дүйнө жүзү боюнча бирдей. Өзүңөр жакшылап иликтеп көрсөңөр, Кыргызстанда биздикинен дагы көп айлык берген компаниялар бар.
— Кыргызстандагы коммерциялык банктардын топ-менеджерлери канча айлык аларын билем. Банкты башкарууга башым жетпегенине аябай өкүнөм…
— Сизде баары алдыда. Бирок билим алуу үчүн каражат жумшаш керек.
— Кошулам.
— Топ-менеджер өз тажрыйбасы менен келет, бул өтө маанилүү.
— Фонддун ишин беш жылдан кийин кандай элестетесиз?
— Биз үчүн фонддон чет элдик инвесторлордун каражаттарын тарткан эл аралык институт куруу зарыл. Буга кадам таштадык – чехиялык экспорттук банк менен долбоор даярдалууда. Ал чехтердин жабдууларын сатып алган кыргыз ишканаларына 50 миллион бөлүп берүүгө даяр.
Биз чет элдик институттар кыргыз ишкерлерине фонддун кепилдиги астында инвестициялап туруусуна шарт түзүшүбүз керек. Максатыбыз — биздин бир долларга жок дегенде 5 доллар инвестиция тартышыбыз керек.
Бүгүнкү күндө 11 миллиард сом бизнеске салдык. Бул темп менен 2-3 жылда акча жок калат. Андан ары эмне кылабыз? Жок, мындай болбойт!
— Анда жогорудагы долбоорлордон пайда түшө баштаарын качан күтсөк болот?
Ал эми ирилери тууралуу айтсам, алар өздөрүн актоого көбүрөөк убакыт талап кылынат. Мисалы, биз Тамчыдагы "Манас" аэропортуна акча салдык. Азыр ал жерде учуп-конуу тилкесинде жарык менен сигнал берүүчү жабдык бар.
Демек, мындан ары Бишкектеги аэропорт, мисалы, аба ырайына байланыштуу жабылып калса, учактарды Ошко жиберүнүн зарылдыгы жок. Алар Тамчыга коно алышат.
— Саясатка кайтып келет белеңиз?
— Билесизби, мен эч качан саясатчы болгон эмесмин. Ар дайым саясаттан оолак болууга аракет кылдым. Кызматым жагынан жакын болсом да, башка жагынан өзүмдү алыс кармап жүрдүм.
— Демек, саясат сиздики эмес?
— Жок, меники эмес.