09:33 13 Бештин айы 2017
Түз эфир
Кыргызстанга MONGOL RALLY турунун катышуучусу Грэм Донохо келди

Мына сага! Бишкекке мүйүзү бар саксагай автоунаа келди

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
256310

Өзгөчө унаанын борбор калаанын көчөлөрүндө жүргөнүн көргөндүрсүз, Sputnik Кыргызстан анын ээсин тапты.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Кыргызстанга "MONGOL RALLY" турунун катышуучусу Грэм Донохо келди.

  • Кыргызстанга MONGOL RALLY турунун катышуучусу Грэм Донохо келди
    Кыргызстанга "MONGOL RALLY" турунун катышуучусу Грэм Донохо келди
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Маалыматка ылайык, аталган спорттук иш-чарада 219 команда ат салышууда
    Маалыматка ылайык, аталган спорттук иш-чарада 219 команда ат салышууда
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • нда айдоочулар GPS навигаторду колдонбой Улуу Британиядан чыгып, Евразия чөлкөмү аркылуу Монголияга жетүүсү каралган.
    нда айдоочулар GPS навигаторду колдонбой Улуу Британиядан чыгып, Евразия чөлкөмү аркылуу Монголияга жетүүсү каралган.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
1 / 3
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Кыргызстанга "MONGOL RALLY" турунун катышуучусу Грэм Донохо келди

Маалыматка ылайык, аталган спорттук иш-чарада 219 команда ат салышууда. Анда айдоочулар GPS навигаторду колдонбой Улуу Британиядан чыгып, Евразия чөлкөмү аркылуу Монголияга жетүүсү каралган.

Бишкек шаарында мүйүздүү саксагай автоунаасы менен жүргөн Грэм Донохо дагы аталган турга катышып, Кыргызстан аркылуу Улан-Баторго сапар тарткан.

Аталган мелдештин шарты боюнча катышкан команданын унаасынын кыймылдаткычынын көлөмү 1,2 литрден көп болбой, 1,5 миң доллар акча төлөшү керек. Каражат кайрымдуулукка жумшалмакчы.

Андан сырткары, алардын жеңил машиналары бири-биринен өзгөчөлөнүп туруусу керек.

Саякатчылардын сайтындагы маалыматтарга ылайык, саксайган унаа "TEAM JACKIE MOO-ART" командасына таандык, анын тышкы жасалгасын сүрөтчү Хилари Баркер жасаган. Унаа ээси Донохонун айтымында, өзгөчөлөнгөн унаа чек арадан эч тоскоолдуксуз тез эле өтүп кетүүдө.

Саякатчы аталган иш-чаранын алкагында Альцгеймер оорусун кабылгандарды дарылоого каражат чогултуп жатат.

Белгилер:
саякат, автоунаа, Кыргызстан
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ