БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Атамбаев Ботаникалык бакты Улуттук илимдер академиясынын курамынан чыгарып, "улуттук" деген макам берип, өз алдынча илимий-изилдөө жүргүзгөн мекемеге айландыруу зарылдыгын айтты.
Президент Алмазбек Атамбаев өкмөткө Энвер Гареев атындагы Ботаникалык бакка зыян келтирбеш үчүн пландалып жаткан лабораторияны башка жакка курууну караштырууга тапшырма берди. Бул туурасында президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.
Атамбаев Ботаникалык бакка лаборатория куруу Кыргызстандын мыйзамдарына каршы келерин жана ал жердеги уникалдуу бак-дарактар менен өсүмдүктөргө зыян болорун айткан.
Президенттин пикирине караганда, Ботаникалык бактын өзгөчө коргоого алынган жаратылыш аймагы деген макамы бар жана ал мамлекеттин кайтаруусунда турат.
"Карантиндик, фитосанитардык жана ветеринардык лабораториянын маанилүү жана зарыл экендигин эске алып, Атамбаев өкмөткө Ботаникалык бакка зыян келтирбеш үчүн пландалып жаткан лабораторияны башка жакка курууну караштырууга тапшырма берди", — деп айтылат маалыматта.
Атамбаев Ботаникалык бакты Улуттук илимдер академиясынын курамынан чыгарып, "улуттук" деген макам берип, өз алдынча илимий-изилдөө жүргүзгөн мекемеге айландыруу зарылдыгын айтты.