Кыргызстанда аялдар менен эркектер кайсы ооруга көп чалдыгат

© Sputnik / Табылды КадырбековРеспубликанская психиатрическа больница в селе Чым-Коргон
Республиканская психиатрическа больница в селе Чым-Коргон - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда 2016-жылы аялдар жана эркектер арасында көп катталган оорунун түрлөрүн аныктады. Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан агенттиги өлкөдөгү аялдар жана эркектер кабылган дарттардын тизмесин түздү.

Эмчек операциясында даярданып жаткан айым. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда жыл сайын 100 миң аялдын 10у эмчек рагына чалдыгат
Мекеменин маалыматына ылайык, 2016-жылы ар түрдүү оору менен өлкөдө 1 миллион 579 миң 361 аял, 987 миң 441 эркек катталган. Алардын арасында дем алуу органдары менен кан айлануу органдарынын оорусуна кабылгандар көп экен.

Ошондой эле аялдар заара кылуу системасынын, тамак сиңирүү органдарынын илдетинен жабыркап, көз ооруларына көп чалдыгып, төрөттөн кийин да көп жапа чегишет.

Ал эми эркектер ар түрдүү жараат алуу, уулануу, көз оорусунан жугуштуу дарттардан көбүрөөк жабыркайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0