Пакистан тууралуу социалдык желеде кеңири тараган жаңылыктар боюнча эсибизде эмне бар? Биринчиси, эркекке тик карап койгон аялды сотсуз эле, көчөдө ташбараңга алышат. Экинчиси, ал жакта дайым согуш жүрөт, өмүрлөр кыйылат жана Пакистанда нагыз жанкечтилер гана жашай алат.
Бишкектик доктур Ольга Расчупайкинанын айтымында, эшикке эркектин коштоосусуз чыккандыгы үчүн эле аялды тирүүлөй өрттөп салышпайт, бул тек гана көндүм пикирлер. Бирок, чындыгында, аялдар бүтүндөй айылдын кеп-сөзүнө калат.
— Эмнеге дал Пакистан?
— Жолдошу үчүн баарына даяр жубай катары анын аркасынан баргам. Болочок жолдошум менен Бишкекте таанышканбыз, бир ай өтпөй баш коштук. Анын жолу менен дарыгерликти да окуп алдым. Кийин биргеликте Пакистанга аттандык. Борбордон обочолонгон тоолуу айылдардын биринде туруп калдык. Бишкектен кетип атканда абдан чочулагам, бирок көбүртүлүп-жабыртылгандай коркунучтуу деле эмес экен. Адамдарды кулчулукка сатышпайт, балдарды уурдашпайт, аялдарды ташбараңга алышпайт. Жөн гана өз салт-санаа, үрп-адаттарды карманган өлкөлөрдүн бири.
— Ал жакта чүмбөттөнө кийинүүгө аргасыз болдуңуз да, чынбы?
— Кандайча, агасы карындашынабы? Эмнеликтен тууганына, эмнеге коңшу айылдан бир келишимдүү жигитке эмес?!
— Негизинен кыздар үй-бүлөсүнөн бөтөн киши менен жолуга албайт. Бир тууган ага-ини өз балдарын эч тоскоолсуз үйлөнтө алат. Аларда 10 никенин 9у туугандар арасында кыйылат. Бул алар үчүн абдан ыңгайлуу, анткени, жер үлүшү бир үй-бүлөнүн менчигинде калат. Жергиликтүү тургундар үчүн бул абдан маанилүү.
Адатта мырзалар отузга таяп үйлөнүшөт. Кыздарды жыйырма жашка толуп-толо электе турмушка узатышат. Көбүнесе, колуктулар – 15-18 жаштагылар.
— Пакистандагы жети жылдык тажрыйбаңызда сегиз миң ымыркай дүйнөгө келиптир. Мындай үрп-адаттары бар чөйрөдө нормадан тайган далай учурларды көргөн чыгарсыз…
— Айтпаңыз, жакын туугандар арасындагы нике тукумдун ден соолугуна терс таасир этет. Анэнцефалдар (баш сөөксүз), чуркусу бар, эргежел болуп жарыкка келген ымыркайлар арбын кездешет. Көп балдар акылы тайкы, акыл дарты менен төрөлөт.
Баса, Пакистанда спирт ичимдиктерине тыюу салган жазылбаган мыйзам бар. Ошондо да эркектер анаша, нашаа, көкнаар чегишет, бул өз кезегинде алардын болочок балдарынын саламаттыгына таасирин тийгизет. Булар алар үчүн маңзат деп да саналбайт.
— Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук маселеси барбы?
— Дээрлик жокко эсе. Күйөөлөрү келинчектерине кол көтөрбөйт. Андайдын аларга кызыгы деле жок. Бирок, кайненелер келиндерине көргүлүктү көрсөтпөй койбойт.
— Кыргызстандагыдай эле деңизчи, бизде деле кайненелер келиндерин алпештебейт эмеспи.
— Бир окуя эч эстен кетпейт. Эсиме түшкөн сайын жаман болом. Отуз жаштардагы аябай жакшынакай бир аялды алып келишти. Кулагында рак шишиги, анан калса, кош бойлуу да экен. Баса, Пакистанда ракты жакшы дарылашат. Абдан таасирдүү, өтө бай пакистандык киши бул жаман кеселден энесин жоготкондон кийин бир катар шаарларда онкологиялык ооруканаларды курган экен. Жакшы иш алпарышат, бейтаптар бекер жардам алышат.
Уулу бир канча саат гана жашады, дене-бою саргарып, акыры чарчап калды. Ракка каршы колдонулган дарылар түйүлдүктүн боорун талкалаган. Эне жашагысы келип, доктурларга бойдон алдырганын жалган айтып, дарылана берген.
Бир нече айдан кийин аны дагы алып келишти. Туугандарына жаназага даярданууларын айттым. Бир кезде "Карагыла, эртеден кечке чейин жатат, а мен ооруганыма карабай иштешим керекпи?" деген кайненесинин ошондогу кебетесин унута албайм. Айткандарына чыдабай, ошондо кабинеттен чыгып кетишин өтүнгөн элем. Жети күн өтпөй ал бейтап дүйнө алмаштырып кете берди.
— Бойдон алдырган учурлар көппү?
— Болуп калат. Турмушка чыга элек аялдардын баарынын окуясы бир: токойдон өтүп баратып, даараткана издейт, анан ташка урунуп эле боюна бүтүп калат. Алардын бул баянына күлүп, андай сыйкырдуу талааны көрсөтүүлөрүн суранчумун, антпесе, бала күтүп жүргөн канча бейтабым бар!
— Анан никеси жок кош бойлуу кызды ташбараңга алышабы?
— Жок, алар ташбоор, катаал эмес да. Бардык жерлердегидей эле ата-энелер, айрыкча апалар кыздарын аябай жакшы көрүшөт. Алар мага жашырынып келип, кыздарынын боюнан алдырып берүүмдү суранышчу. Катаал аталар үй-бүлөсүн уяткаргандыгы үчүн кызын атып салганы, кыздар кеп-сөзгө калуудан чочулап, сууга чөгүп, асынып же ууланган учурлары да жок эмес. Баш кошууга чейин кошулууга таптакыр жол берилбейт. Атургай, болочок кыз-күйөө да буга барбайт, антпесе, үйлөнүү сөзү бузулат, кыздын туугандарынан киши колдуу болбош үчүн жигит да качууга мажбур болот.
— Эмнеге, ал жакта сот жокпу?
— Куралды эркин колдонушат, мындай араздашуулар – кадыресе көрүнүш. Эгер эки тарап сотко жеткирбестен ишти өз ара бүтүрүүнү чечишсе, ок чыгарган киши жаза тартпайт. Анан да ал жакта ар тутумда ар биринин таанышы, тууганы бар.
— Сиз жашаган айылда турак жай шарттары кандай эле?
Өлкө боюнча электр жарыгы суткасына бир канча саатка гана берилет. Биз жолдуу экенбиз, үйдүн жанында дарыялар көп болгондуктан, бизди тейлеген чакан электростанция курулган, андыктан, жарык дээрлик өчүрүлчү эмес.
— Тамак-аштарычы?
— Кадимкидей эле. Таңда жумуртка кууруп, жапма нан жешет. Негизинен, майлуу, ачуу татымалдар кошула куурулган тамактарды жактырышат.
Маяна төмөн, жумуш жокко эсе. Адамдар Сауд Аравиясына, Дубайга акча табууга кетишет. Кара жумуштарда иштешет, үй-бүлөлөрүнө акча жөнөтүп турушат, 2-3 жылда келип, кабар алып кетишет.
Аскерлердин абалы артык. Маянасы жогору, алар өзүнчө бир каста. Врачтар, мугалимдер жана инженерлер да жакшы табышат. Доктурлар 500 доллар же андан көп маяна алышат. Кыргызстанга караганда алдаканча жакшы. Мугалимдер 250 доллардын тегерегинде табышат. Жашоо да бир топ арзан.
— Аялдарга кандай чектөөлөр коюлган?
— Машине айдай алышпайт, көчөдө эркектин коштоосусуз жүрө алышпайт. Юридикалык жактан эч ким тыюу салбайт, ташбараңга алышпайт. Тек гана адамдар аркасынан шыбырашат.
Жалпысынан, аялдар тез улгаят. Отуз жашында кырктагыдай көрүнүшөт. Бул куракта 7-8 балалуу болуп, атургай, чоң эне да болуп калгандары бар. Булар аз келгенсип, иштен баштары чыкпайт.
Көрсө, кичинесинде кайнак суу төгүлүп кеткен экен. Күйүктү эч ким дарылаган эмес, ал күчөй берген. Турмушка чыгат, балалуу болот. Акыры ал баш сөөктү жеп бүткөн.
Пластикалык хирургдун жардамын алып, желкесине пластина коюлушу зарыл эле, бирок, акчасы жок экен. Ага күчтүү антибиотиктерди жаздым, тилекке каршы, эки жылдан кийин каза болуп калды.
Кептин баары, өз ден соолугун караганга анын убактысы жоктугунда. Жашы өтүп калганда гана врачка кайрылууга мүмкүнчүлүгү болду.
— Кыргызстанга кайтууга эмне түрткү болду?
— Жолдошумду көпкө көндүрдүм. Аябай жакшы киши, бирок, кантсе да өз өлкөсүнүн жараны. Мага эмне жетпей жатканын ал түшүнө албай койду. Мен болсо Пакистанды өз өлкөмдөй кабыл ала албадым.
Бишкекке эгиздеримди көз жарууга келдим. Кыздарыма карап, кайра артка кайтпасымды аңдадым. Мен го чет элдик жаранмын, Пакистанда сыйлуу дарыгермин, ыйгарым укуктарым бар, а бирок, кыздарымды алар оюна коюшпайт да. Бирок, баары бир кээде Пакистанды сагынам.
— А эмнеге Бишкекте аялдарды төрөткөндү токтотуп, кургак учукту дарылап калдыңыз?
— Турмушумду толугу менен өзгөрткүм келди. Кыргызстанда азыркы тапта кургак учук эпидемиянын деңгээлинде, бул оорудан жабыркагандар көп.
— Жалган! Стрессчи? Стресс ага себеп эмеспи? Түйшүк, чала уйку иммунитеттин алсызданышына алып келет, анан кургак учук чап жабышат. Кандай укмуш тамактансаңыз да жардам жок.
Үлпөттө, той, маршрутка, бейтапкана, үстөл тегерегинде да жуктуруп алуу мүмкүн.
— Санаачыл жаным дүрбөлөңгө түшө баштады… Адамда кургак учук бар экендигин кантип сезүүгө болот?
— Жөтөл эки жумадан ашып, түнү тердеп, чабалданып, дене табы жарым градуска жогору болот. Бирок, организм бекем болсо, оорунун белгилери эч байкалбайт. А негизгиси, жөнөкөй бир кеңеш: флюорографиядан өтүңүз!