Жалп өчкөн жаш өмүр, жасалбай калган иштер. Мухтарбек Өмүракунов тууралуу 5 факты

© Фото / Ассоциация "Замандаш"Предприниматель, первый председатель политической партии "Замандаш" Мухтарбек Омуракунов
Предприниматель, первый председатель политической партии Замандаш Мухтарбек Омуракунов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Замандаш" партиясынын мурдагы лидери, Чет өлкөдөгү мекендештердин башын бириктирген кыргыздын чыгаан уулдарынын бири Мухтарбек Өмүракунов тирүү болгондо бүгүн 52 жашка толмок.

Мындан улам Sputnik Кыргызстан агенттиги коомдук ишмер тууралуу кызыктуу беш факты даярдады.

Агартуучулук. Мухтарбек Өмүракунов 1965-жылы Ат-Башы районунун Калинин айылында туулган. Беш бир туугандын ортончусу айыл мектебинде окуп, 1989-жылы Фрунзе политехникалык институтунун инженер-куруучу-технолог адистигин бүтүргөн. Коомдук иштерге активдүү катышып, окууну ийгиликтүү аяктаган соң өзү билим алган окуу жайда мугалим болуп калган.

© Фото / Ассоциация "Замандаш""Замандаш" саясий партиясынын биринчи төрагасы, ишкер Мухтарбек Өмүракунов
Предприниматель, первый председатель политической партии Замандаш Мухтарбек Омуракунов - Sputnik Кыргызстан
"Замандаш" саясий партиясынын биринчи төрагасы, ишкер Мухтарбек Өмүракунов

Замандаш. Эгемендик алгандан соң экономикалык жактан аксаган кыргызстандыктар чет өлкөлөргө акча табууга чыгып кетишкен. Сыртта иштеп жүргөн мекендештердин көпчүлүгүнүн укугу корголбой, аларга байланыштуу маселелер жара баштаган. Мындан улам казанда чогу кайнаган ишкер мигранттардын башын бириктирүү үчүн 2002-жылы "Замандаш" фондун ачып, кийин аны ал ассоциация кылып түзгөн. Анын күжүрмөн аракеттеринин аркасында дүйнөнүн 40га жакын өлкөсүндө кыргыз диаспоралары ачылган. Учурда Россияда эле Замандаш ассоциациясынын 50дөй өкүлчүлүгү иштейт.

Жакшысын жашырган меценат. Өмүракунов жеңил өнөр жай тармагында көп жылдар бою ишкерлик менен алектенген. 2000-жылдардын башында Казакстан менен Россияга өлкөдө өндүрүлгөн текстиль продукцияларын жеткирген биринчи логистикалык компанияны ачкан. Бизнесмен соода-сатык менен биргеликте кайрымдуулук иштерине дагы жигердүү катышып, көптөгөн мечит, бала бакча, көпүрө курган. Андан сырткары, карыларга, мигранттарга өз жардамын аячу эмес. Анын достору "Мухтарбек жасаган иштерин жар салбай, социалдык маселелерди жашыруун чечүүгө аракет кылчу" деп эскеришет.

© Фото / Ассоциация "Замандаш"2002-жылы "Замандаш" фондусун ачып, кийин аны ассоциацияга айландырган. Төрт жыл Бишкек шаардык кеңешинде депутат болгон
Предприниматель, первый председатель политической партии Замандаш Мухтарбек Омуракунов - Sputnik Кыргызстан
2002-жылы "Замандаш" фондусун ачып, кийин аны ассоциацияга айландырган. Төрт жыл Бишкек шаардык кеңешинде депутат болгон

Жети баланын атасы. Коомдук ишмер бир кыз, алты уулду тарбиялап өстүргөн. Анын тун кызы турмушка чыгып, кийинки уулу Москвада билим алып келет. Ал эми беш баласы мектепте окуйт. Көп балалуу ата алдыга умтулгандыгы, жакшы кулк-мүнөзү жана жөнөкөйлүгү менен балдарына үлгү боло алган.

Кадр из фильма Красное яблоко - Sputnik Кыргызстан
Таттыбүбү Турсунбаева бүгүн 73 жашка чыкмак! Улуу актриса тууралуу 10 факты
Жасалбай калган иштер жана кырсык. Өмүракунов төрт жыл бою Бишкек шаардык кеңешинде депутат болуп, 2006-2007-жылдары Миграция жана жумушка орноштуруу мамлекеттик комитетинде статс-катчы кызматын аркалаган. Бул мезгил аралыгында ал бийлик тарабынан куугунтукка кабылып, камакка дагы алынган. "Замандаш" партиясынын лидеринин өмүрүн алган каргашалуу окуя 2011-жылы Куба Республикасында болгон. Мухтар Бишкекте чогуу окуган кубалык курсташтарынын чакыруусу менен ал жакка эс алууга барган. Варадеро курорттук аймагында 46 жаштагы коомдук ишмер 30-апрелде океандын 3 метрге жеткен толкунунун астында калып каза болгон. Кийин маркумдун сөөгү туулган айылында жерге берилген.

Маалымат Мухтарбек Өмүракуновдун жакындарынан алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0