Журналист Гүлдана Талантбекова сахна ханышасы тууралуу 10 факты сунуштайт.
Чоң атасы, ошол кездеги атагы чыккан комузчу Турсунбай жаңы ымыркайга Таттыбүбү деген ат коет. Атасы Мырзаалы Токтогул Сатылгановдун шакирти болуптур. Ал эми апасы Калыйбүбүнү замандаштары Таттыбүбүдөй ажайып сулуу болгон дешет.
Атак-даңкка эрте жеткен. 16 жашында алгачкы жолу "Салиманын ыры" аттуу кыска метраждуу тасмага тартылган. 17 жашында Ташкенттеги А.Н.Остров институтунун "Драма жана кино актеру" факультетине тапшырып, 3 жылдан кийин Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын группасына кирген.
Театр үчүн жаралган аккуу. Театр ишмерлери Таттыбүбүнүн чыгышы менен кыргыз театрына жаңы жылдыз келген деп айтып келишет. Театрда сулуу каармандарды кыйла жылдар бою аткарып келген Бакен Кыдыкееванын улгая баштаган учурунда Таттыбүбүнүн чыга келиши токтоло калган чыгармачылыкты кайрадан жандандыргандай болгон. Таттыбүбү ролдорду аткарганда, башкалардай өзгөчө көркөмдөбөстөн, жөнөкөй, турмуштагыдай ойночу экен. Ошондон улам, жагымдуу тембри, ачык дикциясы, улуттук акценти, аткаруу манерасы, жүрүм-туруму жүрөккө жетимдүү болгон дешет.
Кыргызстандын эң атактуу кино актрисасы болгон. Аны замандаштары "сахнанын ханышасы" деп айтышчу. Таттыбүбү Турсунбаева кыргыздын көп кинолоруна катышып, кызыктуу каармандарды жараткан. Ал "Ак Мөөр" тасмасында башкы каармандын, ал эми "Кызыл алма" фильминде бейтааныш сулуунун ролун ойногон. "Ак Мөөр" фильминен соң Таттыбүбү Турсунбаеваны кыргыздар "Соң-Көл чүрөгү" деп аташкан. Эмгеги үчүн СССрдин Эмгек сиңирген артисти аталган.
Бутка чылбыр ыргыганда… Актрисанын жашоосунда таш жарган атагы менен кошо атаандашуу, ушак-айың, көралбастык да коштоп жүргөн. Жатындаш агасы Нуркан Турсунбаевдин айтымында 22 жашында, жаңыдан гүлдөй ачылып келе жатканында Ак Мөөрдүн образын жаратып, Ленин комсомолу сыйлыгына көрсөтүлгөн. Бирок орто жолдон бут тоскондордун көксөөсү канып, сыйлыкты ыйгарбай коюшат. Бул анын турмушундагы биринчи сокку болгон. "Уркуя" тасмасы тартылгандан кийин, тасма бүт Европаны кыдырып, биринчиликти алып келет. Ошол ийгиликтерден соң тасма жаратуучулар Токтогул сыйлыгын Таттыбүбүгө ыраа көрбөй коюшат. Таттыбүбү каза болгондо Ала-Арча көрүстөнүнө эл артисттери гана коюлат деп орун бербей коюшуп, сөөгү Орок айылындагы көрүстөнгө коюлуп калат. Кийин тунгуч президент Аскар Акаев улуу талантты Ала-Арча көрүстөнүнө которууну сунуштаганда, Таттыбүбүнүн туугандары сөөктү каздырууну каалашкан эмес.
Бирок, актриса Болоттун досу, кесиптеши Имаш Эшимбаевге турмушка чыгып, экөө сегиз-тогуз жыл чогуу жашап бир уул, бир кыздуу болушат. Ажырашкандарына 7 жыл болгондо Таттыбүбү каза табат. Имаш болсо актрисадан кийин он жылдан соң бул жарык менен коштошот. Экөө Ташкенттеги театралдык институтта бирге окуган. Таттыбүбүнүн театрдагы ойногон биринчи ролу Чыңгыз Айтматовдун "Кызыл жоолук жалжалым" чыгармасындагы Аселдин ролу болгондуктан, жолдошу кызынын атын Асел койгон экен.
Атасын тарткан кызы, энесинин элесин берген уулу. Кызы Асел Эшимбекова "Махабат дастанындагы" Бегимайды, "Сүйүү закымдарындагы" Алтынбүбүнү ойногон. Энеси Таттыбүбү Турсунбаева чолпондой жанып турган убагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтканда, калайык калк "кызы эми актрисанын ордун жоктотпойт" деп турганда белгилүү ишкер Урмат Барыктабасовго турмушка чыгып кеткен. Ошондо айрымдар "туура кылды, болбосо ар ким сулуулугуна көз артып отуруп энесинин тагдырын кайталап калмак" деп айтышкан экен.
Асел учурда үй-кожойкеси. Жолдошу менен бир уул, эки кызды тарбиялап келет. Алгач жолдошу Урмат Барыктабасов болочок жубайын тасмалардан көрүп сүйүп калып, 10 жыл издептир. Таба албай башкага үйлөнүп, бир уулдуу болгондон кийин ажырашып кетет. Ошондо тааныштарына "Аселди таап берсеңер, бир машина берем" дейт. Достору аркылуу таанышып, эки жылдан кийин баш кошушат.
Асел Эшимбекова басылмаларга берген интервьюларынын биринде "Таттыбүбүнүн кызы десе эл укмуш бир айдай сулууну элестетишет. Ким кандай жагынан карабасын, апамдын ордун баса албасымды билем" деп айтканы бар.
Таттыбүбү менен Имаштын кичүү уулу Канат Медициналык институттун стоматология бөлүмүн бүтүрүп, жеке ишкерлик менен алектенет. Үч эркек, бир кыздын атасы. Келбет жагынан Канат апасын, Асел атасын тарткан.
Таттыбүбүнүн сулуулугу душманына айланганда… Өмүрүнүн акыркы жылдары жалгыз турмуш кечирип, жалындаган таланттын айланасын атаандаштыктын ач карышкырлары тегеректеген дешет. Бул тууралуу агасы Нуркан Турсунбаев "Таттыбүбү апасы каза болгон соң 11ай өткөндөн кийин кете берди. Анчалык деле оор дарты жок эч капарсыз курортологияда жаткан жеринен тез жардам менен неврология бөлүмүнө алып барып, бир заматта өлтүрүп тынышты. Медицинада чоң сыр бар. Ким буйрутма берип өлтүрткөнү сыр бойдон калды" дейт.
Сулуу тууралуу айтымдар. Кыргызстанда Таттыбүбүнү "ак куу" деп да айтышат, анткени кыргыз маданиятында ак куу эң эле татынакай жана назик куш. Ак куунун моюну узун, Таттыбүбүнүн дагы моюну узун болгон. Буга байланыштуу мындай ыр саптары айтылат "Адашкан аркар сыяктуу, арманда кетти бир ак куу".
— Сулуулук дүйнөнү сактайт деген улуу сөз бар го. Анда сулууну ким сактайт? (акын Жолон Мамытов)
—"Адам болсоң, артист болсоң Таттыбүбүдөй бол". (драматург Токтоболот Абдымомунов)
— Ал 37 жашында көз жумганда, курсташы Жумабек Козукеев мүрзөсүнүн башында:
"Токтолуп сокпой жүрөгү,
Соң-Көлдүн кетти чүрөгү" — деп айткан.