00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
5 мин
Будь в курсе
Как незаметно приучить ребенка к брокколи и моркови по советам педиатров
08:05
50 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жеңүүчүлөр Россияга барат — өлкөнүн күчтүү механизаторлору «Айдоо Фест 2026» чемпионатында күч сынашат
09:05
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
4 мин
Личный интерес
Школа Говорухина: Лариса Лужина и Сергей Баталов об изнанке легендарного кино
10:05
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ШКУ өлкөлөрүндө айлана-чөйрөнү коргоо маселелерине кандай көңүл бурулат?
11:04
25 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Эми курулуш лицензиясын 1 эле күндүн ичинде алууга болот — лицензиялардын баасы канча?
11:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Бишкек и Санкт-Петербург перешли от слов к реализации масштабных дорожных карт
12:05
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Жеке маалыматтарды коргоо: мыйзамдагы өзгөрүүлөр, жоопкерчилик жана санариптик коопсуздук
13:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Передел мира и рождение капитализма — простыми словами
14:05
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Жол кырсыктарынан коргоо: «КАСКО Эконом» программасынын мүмкүнчүлүктөрү
15:05
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Как научить ребенка отвечать за свой выбор и не бояться ошибок - беседа с психологом
16:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Өнөр жана өмүр: Акимжан Жээнбай тууралуу маек
17:05
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
c Кубатом Рахимовым
18:06
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
С Наталией Князевой
20:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Ажалдан 8 саат мурда жаркылдап пост жазган журналист Элмира. Күйүттө калган үй-бүлө

© Sputnik / Табылды КадырбековСнимок с социальной сети Facebook пользователя Айбек Турдалиев
Снимок с социальной сети Facebook пользователя Айбек Турдалиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эч нерседен капарсыз жаратылыш койнуна эс алууга баратканда алар кайра үйүнө кайтпай калат деп эч ким ойлогон эмес. Күтүлбөгөн жерден кырсык чалып агымы катуу суу эки адамдын өмүрүн алып кетти.

БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Талас облусунун аймагында 1-июлда агымы катуу сууга түшүп кетип каза болгон журналисттердин бири Элмира Сүйүтбекова ошол күнү түшкү саат 12:32де социалдык тармакка жаркылдаган маанайдагы пост жазган.

Сүйүтбекова Facebook тармагына катталгандардын эки миллиардга жеткендигине даярдалган видеону өздүк баракчасына бөлүшүп, "Мага жакты, сонун! Мен үчүн бул көз ирмемдер менин тарыхым" деп жазган экен.

Социалдык тармактагы адамдар анын жанга жагымдуу жаркылдаган адам экендигин эскерип жатышат.

Ал эми кесиптештеринин бири каңырыгы түтөп коштошуп, алардын сүрөтүн койгон. 

© Sputnik / Табылды КадырбековАл эми кесиптештеринин бири каңырыгы түтөп коштошуп, алардын сүрөтүн койгон
Снимок с социальной сети Facebook пользователя Айбек Турдалиев - Sputnik Кыргызстан
Ал эми кесиптештеринин бири каңырыгы түтөп коштошуп, алардын сүрөтүн койгон

Каза болгондордун экинчиси Сүйүн Өмүрбеков Next TV каналынын аткаруучу директору болуп иштеп келген. Ал кесиптеши сууга түшүп кеткенде куткарам деп артынан дарыяга кирген….Тилекке каршы, кесиптеши да, өзү да кайра тирүү чыкпай калды.

Бакай Абдымалик аттуу дагы бир кесиптеши алардын жарык дүйнөдөн узап кетишине ишенбей тургандыгын жазды. 

Мирбек Айтикеев "Калган өмүрүңөрдү бала-бакыраңарга берсин. Абдан жакшы адамдар элеңер" деп эскерүү менен маркумдардын жакындарына көңүл айткан.

Комузист Канат Токтобек уулу - Sputnik Кыргызстан
Кош, Канат! Мен сени комуздун буулуккан үнүнөн издейм...
"Элмира кичинесинен эле таланттуу, ырчы, бийчи, сөздү таап сүйлөгөн тапан эле. Эч нерседен тартынбаган, тарсылдаган биздин айылдын мыкты кызы болчу. Кош бол жаркылдаган жакшы кыз! Сен ар дайым биздин жүрөгүбүздөсүң. Сүйгөн кесибиңди диктор болом деп тыпылдаган алтын кыздарың улантсын" деп эскерген айылдашы Чынайым Кутманалиева.

Сүйүн Өмүрбековдун артында үч кызы жана кош бойлуу колуктусу калды. Анын сөөгү 2-июлда Бакай-Ата айылында жерге берилди.

Ал башында экономист кесибине ээ болгон. 2003-жылы облустук китепканада укук маалымат борборунун жетекчиси, 2008-2009-жылдары "Газпром" ишканасында менеджер, андан кийин Таластагы банктарда беш жыл эмгектенген. 2014-жылдан бери Next TV каналынын аткаруучу директору кызматын аркалап келген. 

© Фото / Элмира КудайбергеноваТаластын Беш-Таш дарыясына агып кетип каза болгон 38 жаштагы Элмира Сүйүтбекованын артында үч кыз, бир уулу калды
Панихида по журналистке Элмире Суйутбековой - Sputnik Кыргызстан
Таластын Беш-Таш дарыясына агып кетип каза болгон 38 жаштагы Элмира Сүйүтбекованын артында үч кыз, бир уулу калды

Элмира Сүйүтбекованын үч кыз, бир уулу бар эле. Аны акыркы сапарга узатуу зыйнаты 3-июлда Талас шаарында өттү.

Ал 2002-жылы Талас мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктагандан кийин мектепте мугалим болуп иштеген. 2007-жылы Талас облустук телеканалына жумушка орношуп, кийинчерээк КТРКнын аймактык кабарчысы болуп беш жылдай иштеген. Быйыл июнь айынан тарта жаңы ачылган жергиликтүү 3-каналда эмгектенип жаткан. Шаардык кеңешке быйыл өткөн шайлоодо "Мекеним Кыргызстан" партиясынан шайланган болчу.

Спасательный круг на берегу озера - Sputnik Кыргызстан
Кечээ өлкө аймагы боюнча эки бала, эки киши сууга чөгүп кетти
Эске салсак, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 1-июль күнү кечке жуук 38 жаштагы Элмира Сүйүтбекова менен 34 жаштагы Сүйүн Өмүрбеков Таластын Беш-Таш суусуна агып кетип каза тапкандыгын кабарлаган. Сүйүтбекова дарыянын жээгинде бети-колун жууп жатып, кокусунан сууга түшүп кеткенде, кесиптешин куткарууга аракет кылып Өмүрбеков артынан секирген. Суунун агымы катуу болгондуктан экөөнү агызып, алардын денеси таштан-ташка тийип, катуу жаракат алган. Куткаруучулар барганга чейин агып кеткен журналисттерди кесиптештери суудан алып чыкканга үлгүрүшкөн. Бирок экөөнө көрсөтүлгөн алгачкы медициналык жардам майнапсыз болуп, сактап кала алышкан эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0