00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
13:58
2 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Может ли государство устанавливать цены в частных школах и что об этом думают сами школы
08:04
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Түндүк — Түштүк альтернативдүү унаа жолу ачылды: жүк ташуу жана өлкө ичиндеги каттам кандай өзгөрөт?
09:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Бесплатная медицина, онкология и цифровизация - глава Минздрава о приоритетах на ближайшие годы
10:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Театр жана чыгармачылык: Tamyr фестивалындагы кыргыз театрынын орду кандай
11:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргыз зергерчилиги жаңы деңгээлге чыгат: ЕАЭБ менен ири долбоорлор даярдалууда
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кош, Канат! Мен сени комуздун буулуккан үнүнөн издейм...

© Фото / Ринат МурзаевКомузист Канат Токтобек уулу
Комузист Канат Токтобек уулу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Канат Токтобек уулунун элесине

Жарыгым ай… Жашоонун даамын эми татаарда жайраган кулунчагым ай…

Ажал — улук, өлүм — ак экенине дагы бир ирет ынанып турсак да, азыркыга чейин ак булутка айланып кетишиңе түк ишене албай, дендароо болуп турган кезибиз. Неге шаштың, карагым?!

Ырчы Токтобек Асаналиевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Булбул үндүү Токтобек Асаналиев 42 жашта! Ырчы тууралуу 6 факты
Өбөктөп өөдө боло албаган атаңдын, көзүнөн кан аккан апаңдын колунда желбиреген желеги эмес белең. Сенин ар бир ийгилигиңе сыймыктанып, улуу өнөрдү аркалап калган талантың үчүн төбөсү көккө жетип отурган атаңдын бели сынбадыбы…

Сенин ордуң да атаң үчүн башка эле, басса-турса "киши болсо экен, бутуна тургузуп койсом экен" деген тилеги таш капты. Эмки күн кандай болорун аңдай албай, алдастап, мүңкүрөп…

Ымыркай кезиңден чапанына ороп, медер тутуп багып-каккан, карааныңа жалынып отурган чоң атаң менен чоң энең үйгө батпай, жерге батпай, ааламга батпай калбадыбы, катыгүн ай! Же көңүлгө төтөп, мурунга жыт болгудай сенден туяк калсачы…

Комуздан үн чыкпай калды… Баралыңа келгенде топту жарган өнөрпоз болмоксуң, бекеринен сени айтылуу Ашыралы Айталиев "бала Карамолдо" атабагандыр. Кудай берген тубаса шык-жөндөмүң болбосо тайкүлүк кезиңде Түркияга барып, канча деген жеткинчектин арасынан баш байге алып келбейт элең…

…Мен сенин ак жүзүңдү, жоодур көзүңдү комуздун буулуккан үнүнөн издейм, жашыл ыраң бел-белестен издейм, шаңшып чыккан ырдан издейм, сен теңдүү уландардын сөзүнөн издейм, издей берем. Жакшы атанын уулу, жакшы жердин тукуму элең…

Последняя фотосессия писателя Чингиза Айтматова в КР - Sputnik Кыргызстан
Айтматовсуз 9 жыл. Үлкөндүн караанын издегенде
Эми агарып аткан таң да СЕНСИҢ, кызарып баткан күн да СЕНСИҢ, беттен сылап салкын соккон жел да СЕНСИҢ, себелеп жааган ак жаан да СЕНСИҢ! Эми БААРЫ — СЕНСИҢ, КАНАТ, КАКЕШ!

Көп ойлор, ак тилектер бар эле, бирок Кудайдын бешенеге жазган өзүнүн заң-мыйзамы бар экен… Бөбөктөрүңдү аман кылгай… Эми ошолордон бир ууч топо буюрсун бизге.

Ушул менин сага деген аспиетим, сага деген кызматым, сага деп койгон гүлчамбарым болсун. Тынч жатагой, жарыгым…

Жаңылыктар түрмөгү
0