БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Быйыл Бишкектеги үч ири сквер менен сейил бак жаңыланарын калаанын вице-мэри Эркинбек Исаков Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн жыйында билдирди.
Анын айтымына караганда, ар бир административдик районго 30 миллион сомдон бөлүнүп берилди. Бул каражатты жергиликтүү бийлик сейил бактар менен сверлерди жакшыртуу үчүн жумшайт. Мэрия отургучтарды, тротуарларды оңдоп, "Жашыл токой" жана "Молодежный" скверлерин жарыктандырууну пландап жатат. Ошондой эле Юлиус Фучик атындагы сейил багы капиталдык ремонттон өткөрүлөт.
Мындан тышкары, 15 даана заманбап атайын техника алынып, зыянкеч курт-кумурскаларды жок кылуу үчүн паркка канаттуулар үчүн 200 уя орнотулду.
Вице-мэр Бишкектин ирригациялык системасынын 90 пайызы начар абалда экенин белгилеп өттү. Бул арыктар гранттык негизде берилген 60 миллион сомго калыбына келтирилет.