00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жылдыз Бакашева: Кыргыз улуттук тарых музейинин бүгүнкү абалы жана келечек пландары
09:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги тоскоолдуктар жана 2026-жылга пландалган кооперациялык долбоорлор
11:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жыл башынан бери 2 млн укук бузуу аныкталды - “Коопсуз өлкө” долбоору ишке кандай ашууда?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
18:07
26 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
18:34
27 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Күмүш, акча бирдигине айлана алабы?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Тапшырылган бош конверт ардагерди 9-майда ыйлатты

© Sputnik / Александр Мазуркевич / Медиабанкка өтүүАрдагер. Архив
Ардагер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жеңиш күнүндө бош конверт алган ардагердин окуясы социалдык тармакта катуу талкууга алынды. Аталган окуянын чоо-жайын билүү үчүн Sputnik агенттигинин кабарчысы ардагердин туугандары жана жергиликтүү бийлик менен байланышты.

БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Социалдык тармактагы тайпалардын биринде 85 жаштагы ардагер Капас Бокбаевге Ысык-Ата районундагы Новопокровка айыл өкмөтү тарабынан Жеңиш майрамында бош конверт берилгенин интернет колдонуучулардын бири жазды.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы окуянын чоо-жайы билүү үчүн ардагердин келини Махабат Тынаевага жана айыл өкмөт башчысы Мирлан Кыдыкеев менен байланышты.

© Фото / Аделя БакытоваЭмгек ардагери Капас Бокбаевдин күбөлүгү
Удостоверение ветерана труда Капаса Бокбаева - Sputnik Кыргызстан
Эмгек ардагери Капас Бокбаевдин күбөлүгү

Тынаеванын айтымында, майрамга бир күн калганда айыл өкмөтү аксакалды майрамга чакырган. Ал Эмгек ардагери деген күбөлүгүн алып 9-майда баласы менен майрамдык иш-чарага кеткен. Салтанаттан ага үч буручтук болуп бүктөлүп, Гвардиялык тасма менен кооздолгон конверт беришкен. Аксакал аны чөнтөгүнө салып, үйгө келгенде небересине берген.

© Фото / Аделя БакытоваАрдагер Капас Бокбаевге тапшырылган конверт
Конверт врученный ветерану труда Капасу Бокбаеву на праздновании Дня Победы в Ново-Покровском айыл окмоту - Sputnik Кыргызстан
Ардагер Капас Бокбаевге тапшырылган конверт

"Конвертин ичинде бир нерсе бар болуш керек десе керек. Бирок, ичинде эч нерсе жок экен. Анын ичиндегиси жолдо келе жатканда түшүп калган го десек, атам колуна бергенде эле чөнтөгүнө салганын айтты. Мындай үч бурчтук каттар фронттон жакшы кабарларды алып келчү да. Ичине акча салбаса деле жок дегенде каалоо-тилек жазып койсо болмок", — дейт Тынаева.

Капас аксакал согуш жылдарында буудай ташыганын келини баса белгиледи. Анын айтымында, эмгектин ардагери конверттин ичи бош экенин билгенде көзүнө жаш алган.

"Эми бул жерде кеп акчада деле эмес. Болгону айыл өкмөтүнүн ардагерлерге карата болгон мындай мамилеси капа кылат. Буга чейин деле атама эч нерсе берилчү эмес, бул жолу конверт алдым деп аябай толкунданып келген", — деди Бокбаева.

Эмгек ардагери Капас Бокбаевдин күбөлүгү - Sputnik Кыргызстан
Соцтармакты дүрбөткөн ардагер оорук эмгекчилеринин тизмесине киргизилиши мүмкүн
Аксакалдын туугандары ал "Эмгек ардагери" деген медаль менен сыйланганын тастыктаган күбөлүктү сүрөткө тартып жиберишти. Күбөлүк 1986-жылы 25-августта ССРдин Жогорку советинин президиуму тарабынан берилген. Андан сырткары редакцияга бош конверттин да сүрөтүн жиберишкен.

Бирок, Новопокровка айыл өкмөтүнүн башчысы Мирлан Кыдыкеев жергиликтүү бийлик эмгек ардагерине эч кандай конверт бербегенин айтты.

Алар майрам күнү Капас Бокбаевди айылдын аксакалы катары майрамга чакырган. Айылда азыр тылдын алты эмгекчиси жана согуштун бир ардагери бар. Тылдын эмгекчилерине 10 миң сомдон, согуш ардагерине 15 миң сом бир жолу материалдык жардам катары берилген.

"Бокбаев 1931-жылы туулган. Ал тылдын эмгекчилеринин да, согуш ардагерлеринин да тизмесине кирген эмес. 1945-жылы ал болгону 14 жашта болчу", — деди ал.

Кыдыкеев Бокбаев тизмеде жок болгондуктан ага акча салынган конверт берилбегенин баса белгиледи.

"Эмгек ардагери менен тылдык эмгектенген ар башка. Капас ата социалдык өнүгүү башкармалыгынын тизмесинде болушу керек эле, бирок ал жакта дагы жок экен. Үч бурчтук кат түрүндөгү открытканы Новопокровкадагы №3 мектептин окуучулары даярдаган. Бул алардын демилгеси болчу", — деди ал.

Айыл өкмөт башчысы ардагерге барып жолугуп, абалды түшүндүрөрүн айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0