Бишкекте Жеңиш күнү жабыла турган көчөлөрдүн тизмеси

© Sputnik / Табылды КадырбековМайрамдык иш чараларга көчөнү жабуу. Архив
Майрамдык иш чараларга көчөнү жабуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир катар көчөлөр майрамга карата жабык болгондуктан Бишкек ШИИБ айдоочулардан каттамды алдын ала пландап алууну өтүнүүдө.

БИШКЕК, 5-май. — Sputnik. Улуу Жеңиштин 72 жылдыгына жана "Өлбөс полктун" жүрүшүнө карата 9-май күнү калаанын бир катар көчөлөрү жол кыймылы үчүн жабылат. Бул тууралуу Бишкек ШИИБ маалымат кызматы кабарлады.

08:30дан 12:00гө чейин төмөнкү көчөлөрдүн бөлүктөрү жабык болот:

  • Масалиев көчөсүнөн Байтик баатыр көчөсүнө чейин ("Түштүк дарбазадагы" Жеңиш паркынын алдындагы бөлүгү);
  • Байтик баатыр көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейин (Масалиев көчөсүнөн Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү);
  • Фрунзе көчөсү (Абдрахмановдон Ибраимов көчөсүнө чейинки бөлүгү);
  • Шопоков көчөсү менен Ибраимов көчөсүндөгү Чүй проспектисинен Жумабек көчөсүнө чейинки бөлүгү.

Мындан улам Бишкек ШИИБ айдоочулардан каттамды алдын ала пландап алууну өтүнүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0