Акылдуу балдар: 6 айында тамга тааныган Раим, 11 секундда кубик чогулткан Чыңгыз

© Sputnik / Артем Житенев / Медиабанкка өтүүЭсеп чыгарып жаткан бала. Архив
Эсеп чыгарып жаткан бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баланы заманбап ыкмалар менен ар тараптан өнүктүрүү мезгил талабы болуп калды. Мындан улам акыркы убакта өлкөдө таланттуу жана акылдуу балдардын саны көбөйүп жатканын байкоого болот.

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Sputnik Кыргызстан агенттиги кичинекей балдардын талантын ачып, алардын жөндөмүн көрсөтүү максатында атайын "Өлкөнүн өзгөчө таланттуу балдары" аттуу рубрика ачты. Бул жолкусунда заманбап ыкмалардын жардамы менен эсепти тез чыгарып, кубик чогулткан балдарды жана 6 айлык ымыркайдын жазууларды таап жаткан видеосун чогулттук.

Раим Смановду ата-энеси баланы эрте курагында өнүктүрүү ыкмасын колдонуп, аны 4,5 айынан баштап окута баштаган.

Ал эми 8 жаштагы Чыңгыз Төрөбаев менен 10 жаштагы Эмир Бекболотов парифметика ыкмасынын аркасы менен тез убакытта эсеп чыгарганды (кошуу, кемитүү, көбөйтүү, бөлүү) жана кубик чогултканды үйрөнүшкөн.

Эгерде сиздердин балдарыңыздар өзгөчө жөндөмү менен элди таң калтыра алса биздин +996 706 566 544 Whatsapp номери аркылуу кабарласаңыз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0