Алп акын Алыкулдун урай баштаган үй-музейин оңдоп-түзөөгө студенттер киришти

© Sputnik / Табылды КадырбековСостояние дома-музея поэта Алыкула Осмонова в Бишкеке
Состояние дома-музея поэта Алыкула Осмонова в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үй-музейде 1945-1950-жылдары кыргыздын классик акыны Алыкул Осмонов жашап, оорудан оңоло албай, ошол жерден көз жумганын айтып беришти.

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Баары Бакайдын кыш айларынын биринде кыргыздын классик акыны Алыкул Осмоновдун Бишкек шаарындагы үй-музейине барган учурдан башталган. Дүйнөнүн баары көзүнө идеалдуу көрүнүп турган бул куракта алп акындын жашап жана акыркы жайга узаган үйүнүн мындай абалда болушу 1-курстун студенти үчүн күтүүсүз болуптур. 

"Кышында университеттин жетекчилиги менен келгенбиз. Тамдын чатырынан суу агып, начар абалда экен. Кагаздардын сыясы чыгып жатканын көрдүм. Кыргыздын улуу акынынын үй-музейи мынчалык байкуш абалда экендигин билген эмесмин. Көңүлүм ооруду", — деп айтып берди эл аралык "Ататүрк — Ала-Тоо" университетинин I курсунун студенти Бакай Матмусаев.

Анан ошол жердеги балдар менен идея көтөрүп, ал коомчулукка кайрылып, акындын үй-музейин оңдоого жардамга кол сунгандар чыкпагандыктан, конкреттүү тараптарга кайрылыптыр.

Акын Алыкул Осмоновдун портрети, автору Гапар Айтиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Алыкул Осмонов — өмүр баяны
"Келгендер идея көтөрүп, Памир агай ("Алыкул үй борбору" коомдук бирикмесинин жетекчиси Памирбек Казыбаев — ред.) менен биргеликте видео тартып, аны Facebook социалдык тармагына жүктөп, элге кайрылдым. Капа болуп, пикирин жазганы менен эч ким деле конкреттүү жардам бере албайт экен. Анан 2-ирет жүктөдүм. Мунусунда "Кыргыз-Түрк Манас" жана "Ататүрк — Ала-Тоо" университетинин студенттик кеңешинин төрагаларына кайрылдым. Анан Бишкек шаарындагы окуу жайлардын жана бирикмелердин жетекчилери, жаштар демилгени колдоп кетишти", — деди ал.

Учурда негизинен студент балдардан түзүлгөн "Алыкул ашары" демилгеси үй-музейди оңдоп чыгууну колго алып, ал үчүн атайын концерт уюштурууну пландап, демөөрчүлөрдү издөөнү баштады. Бакай бул боюнча ЭЛСОМдо: 0771939692 деген атайын эсептик комер ачылгандыгын айтты. 

© Sputnik / Табылды КадырбековҮй-музейде 1945-1950-жылдары кыргыздын классик акыны Алыкул Осмонов жашап, оорудан оңоло албай, ошол жерден көз жумганын айтып беришти.
Үй-музейде 1945-1950-жылдары кыргыздын классик акыны Алыкул Осмонов жашап, оорудан оңоло албай, ошол жерден көз жумганын айтып беришти. - Sputnik Кыргызстан
1/6
Үй-музейде 1945-1950-жылдары кыргыздын классик акыны Алыкул Осмонов жашап, оорудан оңоло албай, ошол жерден көз жумганын айтып беришти.
© Sputnik / Табылды КадырбековҮй музейге айланган 17 жылдан бери оңдо-түзөө иштерин көрбөптүр
Үй музейге айланган 17 жылдан бери оңдо-түзөө иштерин көрбөптүр - Sputnik Кыргызстан
2/6
Үй музейге айланган 17 жылдан бери оңдо-түзөө иштерин көрбөптүр
© Sputnik / Табылды КадырбековЖерге төшөлгөн жыгач пол чекесинин сынып баштаган
Жерге төшөлгөн жыгач пол чекесинин сынып баштаган - Sputnik Кыргызстан
3/6
Жерге төшөлгөн жыгач пол чекесинин сынып баштаган
© Sputnik / Табылды КадырбековБул Алыкул акындын ашыгы Айдай Жигиталиеванын көтөргөн кол сумкасы экен
Бул Алыкул акындын ашыгы Айдай Жигиталиеванын көтөргөн кол сумкасы экен - Sputnik Кыргызстан
4/6
Бул Алыкул акындын ашыгы Айдай Жигиталиеванын көтөргөн кол сумкасы экен
© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Алыкул үй борбору" коомдук бирикмесинин жетекчиси Памирбек Казыбаев
Алыкул үй борбору коомдук бирикмесинин жетекчиси Памирбек Казыбаев - Sputnik Кыргызстан
5/6
"Алыкул үй борбору" коомдук бирикмесинин жетекчиси Памирбек Казыбаев
© Sputnik / Табылды КадырбековАлыкулдун келечектеги "Ыр өргөөсү"
Алыкулдун келечектеги Ыр өргөөсү - Sputnik Кыргызстан
6/6
Алыкулдун келечектеги "Ыр өргөөсү"
1/6
Үй-музейде 1945-1950-жылдары кыргыздын классик акыны Алыкул Осмонов жашап, оорудан оңоло албай, ошол жерден көз жумганын айтып беришти.
2/6
Үй музейге айланган 17 жылдан бери оңдо-түзөө иштерин көрбөптүр
3/6
Жерге төшөлгөн жыгач пол чекесинин сынып баштаган
4/6
Бул Алыкул акындын ашыгы Айдай Жигиталиеванын көтөргөн кол сумкасы экен
5/6
"Алыкул үй борбору" коомдук бирикмесинин жетекчиси Памирбек Казыбаев
6/6
Алыкулдун келечектеги "Ыр өргөөсү"

"Бул иш сен туула электе башталган"

Анткени менен Бакай бул иш оңойго турбастыгын сезиптир. Биринчи аракетте эле жыйынтык боло койбостугун, ага карабай аракетинен тайбай турганын айтты.

"Көпкө ойлондум. Алыкул Осмонов менен сыймыктанабыз дейбиз. Бирок ушундай кайдыгерлик абалга түшүп калганыбызга капаландым. Акындын атындагы сыйлыктын лауреаттары, анан биздин министрликтер бар. Демилгени баштаганда мага "бул иштер сен туула электе эле башталган" дешти… Антсе да жаштар бул демилгени колдоп кеткенине кубанып турам. Биз топ менен иштедик, командага ыраазылык билдирем", — деди Матмусаев.

Учурда биринчи иретте үй-музейдин чатырын, полун алмаштыруу иши турат. Балдар андан сырткары бул жайдын айланасын көрктөндүрөбүз, бул жер элди, кийинки муундарды өзүнө чакырып тургандай болушу керек деген дем менен жүрүшөт. 

© Sputnik / Табылды КадырбековДемилгечилер тобу биринчи иретте үйдүн чатыры оңдоо зарылдыгын айтышты
Состояние дома-музея поэта Алыкула Осмонова в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Демилгечилер тобу биринчи иретте үйдүн чатыры оңдоо зарылдыгын айтышты

Айласыздан аз жашап, Алыкул акыркы сапарга узаган үй

"Алыкул үй борбору" коомдук бирикмесинин жетекчиси Памирбек Казыбаевдин айтымында, үй-музей 17 жыл мурда ачылган. Ошол мезгилден тарта бир дагы ремонт болбогондуктан, жалпы абалы начарлап, чатырынан суу өтүп жаткандыктан анын ичиндеги экспонаттардын сакталышына терс таасирин тийгизүүдө.

Музейден алынган маалыматтарга таянсак, алп акын Осмонов 1945-1950-жылы жашап, оорудан оңоло албай, ушул жерден көз жумган.

"Акын бул үйдү өзүнүн маңдай тери менен тапкан акчасына 1945-жылы сатып алып, 1950-жылга чейин жашаган. Оорусуна байланыштуу көпкө жашай албай, 12-декабрда 35 жашында ушул жерден көз жумган. Андыктан бул жерди кийинки муундар көздүн карегиндей сакташыбыз керек", — деди Казыбаев.

Атамбаев: Алыкул акын чолпон жылдыздай жанып кыргыз поэзиясынын классигине айланды
Музейге айланганына 17 жыл болгон бул жайда учурда акындын кол жазмаларынын, китебинин сүрөттөрү, акынга арналган буюм-тайымдар, ал тургай анын арзуусу болгон Айдай Жигиталиеванын кай бир буюмдары сакталуу экен. Тиешелүү оңдоп-түзөө иштери жасалбаса, экспонаттар зыянга учурашы мүмкүн.

"Дубалдарынен беттери упаранып, чатырынан суу агып келет. Черепицалар калың карды көтөрө албай калды. Улам оңдоп коёбуз, улам түшөт. Бул меселе 2013-жылдан бери эле келе жатат. Полу да чирий баштады", — деди Казыбаев.

Биз узай бергенде Казыбаев ал жердеги экспонаттарды кармалап, кагаздарын чиймелеп, музейде калды. Кыязы, дагы кимге кайрылуу катын жолдоону ойлонуп жатты окшойт…

Жаңылыктар түрмөгү
0