Максат ажы Токтомушев кайрадан муфтий болуп шайланды

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын жетекчиси Максат Токтомушев. Архив
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын жетекчиси Максат Токтомушев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аалымдар кеңеши менен жети дубандан келген делегаттардын көпчүлүгү Максат ажы Токтомушевдин талапкерлигин колдоп беришкен.

БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik, Мирбек Сакенов. Максат ажы Токтомушев кайрадан муфтий болуп шайланды.

Алгач жыйынга аалымдар кеңешинин 21 мүчөсүнүн 19у катышып, бардыгы Токтомушевдин талапкерлигин колдоп берген.

"Жыйындан соң жети дубандан келген 220 делегаттын катышуусунда өткөн курултайда дагы Максат ажы Токтомушев көпчүлүктүн добушуна ээ болуп, кайрадан муфтий болуп шайланды", — деп билдирди кабарчы.

Ал эми муфтий колдогон адамдарга ыраазычылык билдирип, ишеничти актоого, элдин руханий маданиятын жогорулатууга аракет жасай турганын белгилеген.

Эскерте кетсек, муфтий шайлоосуна үч талапкер — азыркы муфтий Максат Токтомушев, Чубак Жалилов жана Ниязалы Арипов катталганы айтылган. Анткен менен эки талапкер муфтийликке аттануудан баш тарткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0