03:14 02 Чын Куран 2020
Түз эфир
  • USD82.2000
  • EUR90.0665
  • RUB1.0389
Коом
Кыскача шилтеме алуу
"Болбойт" рубрикасы (83)
6661121

Көчмөн кыргыздардын тамак рационунун негизги бөлүгүн кара малдын, майда жандыктын эти түзгөндүктөн, кыргыздардын тамактануу маданиятында мал союуга, мал этине байланышкан салттык эрежелери өтө арбын.

Мындан улам мал союуда белгилүү бир эрежелер сакталууга тийиш, бул ырым-жырымдар илгертен калыптанып калган. Sputnik Кыргызстан агенттиги тарыхчы, этнограф Динара Молдокулованын жардамы менен мал союп жаткан учурда жасалбай турган нерселерди тизмектеди.

Жамандыкка союлган бодо малдан кол кесер алынбайт. Адат боюнча касапчы же мал сойгон адам бодо малды союп жаткан учурда союштун этинен өзүнчө үлүш чыгарып алган же малды союп бүткөндөн кийин ага ээси тарабынан белгилүү өлчөмдөгү эт берилген. Бул жакшылыкка союлган малдан гана алынат. Ал эми жамандыкка союлган бодо малдан "кол кесер" алууга болгон эмес.

Бооз малды союуга болбойт. Бооз малды союу мусулманчылыкка жана салтка туура келген эмес.

Алты ай толо элек малды сойбойт. Элибизде туулгандан баштап алты ай толо элек майда жандыкты да, бодо малды да сойгон эмес. Анын эти балыр, жаш деп эсептелинген.

Аял киши мал сойбойт. Анткени аял сойгон мал арам болот деп айтылган. Малды мууздоо, союу жана этин жиликтөө милдети эркек кишиге гана таандык. Бирок аргасыз учурларда: мал катуу ооруп, бир жери сынып же чөпкө ууланып калган маалда үй ээси үйдө жок болсо, ал ишти аял аткарат. Ошентсе да толук сойбой, аны мууздап эле коюшу керек.

Бата кылынбай, мал мууздалбайт. Бата кылуу жөрөлгөсүнө үй-бүлө мүчөлөрү толугу менен катышуусу шарт. Эгерде келген конокко арнап кой союуга туура келсе, конок милдеттүү түрдө союлчу малга бата суроого катышуусу керек.

Мал союу алдында анын жанында туруп бычак кайрабайт. Союла турган малга орой мамиле кылып, куйругу, кулагы сыяктуу талуу жерлеринен кармап тартуу, сүйрөө, бир жагынан мал кадырын билбегендиктин белгиси болсо, экинчи жагынан андай мамилеге дуушар болгон малдын эти жагымсыз, даамы начар болот деген ишеним болгон.

Малдын этинен үй ээси ооз тиймейинче канын итке бербейт. Малды мууздаганда алгач андан аккан канды жаман идишке тосуп алышкан. Бүгүнкү күндө канды алгандан кийин эле итке берип коюшат. Бирок бул туура эмес, анткени адамга буюрган насипти ит биринчи жебей, алгач үй ээси ооз тийиш керек.

Союлган малдын баш-шыйрагын куйкалаганда күйгүзбөйт. Койду союп бүткөндөн кийин анын баш-шыйрактарын отко күйгүзбөй, тегиз куйкалоо керек. Эгерде ал жүндүү болсо, алгач анын жүнүн кайчы менен кыркып алган.

Союлган малдын этин ысык сууга салбайт. Мал союлгандан кийин алгач казанга толтура эмес, белгилүү өлчөмдө муздак суу куюлган. Ысык сууга бышырылган эт кызарып, даамын жоготуп коет.

Кар жилик эч качан ыргытылбайт, итке берилбейт. Ата-бабалар бул жиликти боз үйдүн улагасына же керегесине кыстарып койсо, ал босогодон кире турган "ою жамандардын" мизин кайтарган деген ишеним болгон.

Тема:
"Болбойт" рубрикасы (83)

Тема боюнча

Үйрөнчүк айдоочуларга 9 "болбойт"
Кош бойлуу келинге тиешелүү 12 "болбойт"
Кийим-кечеге карата айтылган 12 "болбойт"
Мал-жандыкка байланышкан 12 "болбойт"
Белгилер:
ырым, кой, каада-салт, мал, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ