Нарын шаарына кирчү жаңы жол убактылуу жабылды

Жазылуу
Учурда Бишкек — Нарын — Торугарт каттамына эски жол аркылуу барууга болот.

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Нарын шаарына кирчү жаңы унаа жол убактылуу жабылды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган унаа жолдун 1,5-2 чакырымында кардын эриши менен таш кулоо кооптуулугу жаралгандыктан улам жол жабылган. Учурда унаа каттамы эски жол аркылуу жүрүүдө.

Аталган унаа жолду жабуу чечими коопсуздукту сактоо максатында чыгарылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0