БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Кечээ Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын Аалымдар кеңешинин өкүлдөрү Сургут, Нижневартовск, Ханты-Мансийск шаарларындагы мекендештерибиз менен жолугушуу максатында учуп кеткенин аталган мекеменин маалымат бөлүмүнүн башкычы Максат Атабаев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
"Дин Башкармалыгынын Россия, Урал, Сибирь жана Ыраакы Чыгыш аймактары боюнча өкүлү Сүйүнбек ажы Жусубалиевдин чакыруусу менен Аалымдар Кеңешинин төрөгасы Абдишүкүр ажы Нарматов жана Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов барары менен Сургут шаарынын муфтийи менен жолугушту. Андан соң ал жактагы мекендештерге кезигип, алардын суроолоруна жооп беришти", — деди Атабаев.
Анын айтымында, аалымдар 25-26-февралда Нижневартовск жана Ханты-Мансийск шаарларына барышат.
Эске салсак, былтыр аалымдар менен Москва шаарындагы жолугушууга 14 миң кыргызстандык келген.