Авиакырсык: тажикстандык активисттер Жакшылыкка кат жазып, оюнчуктарды жиберишти

© AP Photo / Vladimir VoroninКукла с цветами на месте авиакрушения самолета Boeing-747 в селе Дача-Суу недалеко от аэропорта "Манас"
Кукла с цветами на месте авиакрушения самолета Boeing-747 в селе Дача-Суу недалеко от аэропорта Манас - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тажикстандык активисттер учак кырсыгынан каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, үй-бүлөсүнөн ажыраган балага китеп, оюнчук жана сүрөттөрдү салууда.

БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Жети жаштагы Жакшылыкка Тажикстандын жаш активисттери оюнчуктарды жана каттарды жөнөтүп жатышканын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Кыргызстандын Тажикстандагы элчилигине активист Парвин Эргашева кайрылып, үй-бүлөсүнөн айрылган жети жаштагы балага кат, китеп жана сүрөттөрдү берген. Ал 14 миңдей мүчөсү бар "Биз тажикстандыктар" деп аталган интернет-коомчулугунун өкүлү экенин айткан.

© Фото / пресс-служба МИД КРТажикстандык 12 жашар Сафинанын Жакшылыкка жиберген каты
Письмо 12-летней Сафины из Таджикистана Жакшылыку - Sputnik Кыргызстан
Тажикстандык 12 жашар Сафинанын Жакшылыкка жиберген каты

Ал Тажикстандын эли дагы кырсыктан каза болгондорго көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшө турганын билдирген. Душанбенин жаш активисттери 250 доллар, 3 китеп жана балдар жасаган открыткаларды чогултушкан.

Тажикстандык бөбөктөр открыткаларына Жакшылыкты "капаланба" деп жазышканын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

© Фото / пресс-служба МИД КРДушанбелик 9 жашар баланын каты
Письмо 9-летнего мальчика из Душанбе Жакшылыку - Sputnik Кыргызстан
Душанбелик 9 жашар баланын каты

"Капаланба! Кудай сени жакшы көрөт. Биз дайыма сенин жаныңдабыз. Сенин көп досторуң болот. Буюрса сени менен жолугуп сүйлөшсөк дейбиз! Жолугушканча", — деп жазганын ТИМ баса белгиледи.

Жакшылык менен достошкусу келген балдар өздөрүнүн үй жана электрондук даректерин жазышкан.

Бишкекте авиакырсыктан каза болгондор эскерилди - Sputnik Кыргызстан
Авиакырсык курмандыктары эскерилди: өксүгөн туугандар, сүрөттөн энесин издеген бөбөк
Дүйшөмбү күнү Тышкы иштер министрлигинде министрдин орун басары Динара Кемелова Жакшылык, анын чоң атасы жана тууган эжеси менен жолуккан.

Аларга тажикстандык балдар салган белектер жана кат тапшырылганын ТИМдин маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, 16-январда эртең менен Дача айылына Boeing-747 учагы кулап, 39 кишинин өмүрү кыйылган. Кырсыктын чоо-жайын Мамлекеттер аралык авиациялык комитети иликтеп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0