БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Активист Атай Садыбакасов тарабынан Бишкек шаарынын Токтогул көчөсүнө орнотулган жол көрсөткүчтөр алынып жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына "Бишкекасфальтсервис" ишканасынын жетекчиси Мирлан Амантуров билдирди.
Белгилей кетсек, Садыбакасов жеке демилгеси менен Бишкектин Токтогул көчөсүнө жол көрсөткүчтөрүн орноткону тууралуу Facebook баракчасына жазып чыккан. Ал "биздин мындай кадамды мэрия вандализм катары кабыл албаса эле болду" деген.
"Эреже боюнча айдоочулар үчүн орнотулган жол белгинин үстүнө жол көрсөткүч эмес, башка нерсени да коюуга жол берилбейт. Себеби айдоочу менен жөө жүргүнчүнүн көңүлүн башка нерсе бурбашы керек. Бул нерсе жарандардын коопсуздугу үчүн жасалып жатат. Ошондуктан өзүм билемдик кылып орнотулган жол көрсөткүчтөрдү алып салуу чечими чыкты", — деп билдирди Амантуров.
"Бул жигит биздин чыгымдын бардыгын төлөйт. Эгер жол белги турган түркүктөр тешилип калган болсо ар бир түркүк үчүн 3-6 миң сом төлөшү керек болот. Эгер тешилбеген болсо, анда ар бир кызматкердин ишине жана башка чыгымдарга эки миңден төлөп калышы ыктымал. Бирок так сумманы азырынча айта албайм, жеринде комиссия иштеп жатат", — деди Амантуров.
Ал ошондой эле жол көрсөткүчтөр атайын мекеменин уруксаты менен гана коюулуусу керек экенин баса белгиледи.
"Жол белгилерди керек болсо "Бишкекасфальтсервис" да кое албайт. Ал үчүн Кайгуул милиция башкармалыгына караштуу жол көзөмөл башкармалыгы тарабынан берилген уруксат кагазы керек. Ар ким өзүм билемдик кыла берсе шаарыбыз эмне болуп калат?" — деди Амантуров.
Ал белгилегендей эреже боюнча жол көрсөткүчтөр жол белгинин үстүнө эмес, үйлөрдүн капталдарына орнотулуп келет.
Амантуров эгерде активист уруксат алып сүйлөшүү жолу менен орноткондо мындай көрүнүш болмок эмес экенин кошумчалады.