https://sputnik.kg/20260718/1102475676.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөрүнүн арасында ИДПнын өсүү темпи боюнча биринчи орунда турат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев аппараттык... 18.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-18T08:59+0600
2026-07-18T08:59+0600
2026-07-18T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/07/12/1102475510_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_7f6865b842db37fa9f3f13b25c12259b.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөрүнүн арасында ИДПнын өсүү темпи боюнча биринчи орунда турат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев аппараттык жыйында билдиргенин өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. Анын айтымында, ички дүң продукция (ИДП) быйылкы жылдын январь-июнь айларында алдын ала эсептөөлөр боюнча 960 миллиард сомду түзүп, экономиканын реалдуу өсүшү 11,9 пайыз болду. Өсүш негизинен курулуш тармагындагы 69,6 пайыз, өнөр жайдагы 12,8, тейлөө тармагындагы 6 жана айыл чарбасындагы 4,3 пайыздык өсүштүн эсебинен камсыздалган. "Жыл башынан бери негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 204,4 миллиард сомго жетип, 64,3 пайыз көбөйгөн. Инвестициялардын өсүшү ички каржылоо булактарынын 1,5 эсеге, тышкы булактардын 3,2 эсеге көбөйүшүнө байланыштуу болду", — деп айтылат билдирүүдө. Мындан тышкары, 2026-жылдын биринчи жарымында мамлекеттик бюджеттин кирешеси 454,2 миллиард сомду түзүп, пландык көрсөткүчтөн 22,6 милилард сомго ашкан. Касымалиев экономиканын өсүү темпин сактоо зарылдыгын белгиледи.
Бишкектеги “Ала-Арча” мамлекеттик жаратылыш паркында Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин туризм боюнча III жаштар форуму өттү. Мааданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, иш-чарага Туризмди өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрү, жаштар уюмдарынын мүчөлөрү, туризм тармагынын адистери, эксперттер жана ШКУга мүчө өлкөлөрдүн расмий делегациялары катышты. Форумда уюмга мүчө мамлекеттердин туристтик кызматташтыгын кеңейтүү жана туризм тармагындагы кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу маселелери талкууланды. Катышуучулар экологиялык, тоо жана маданий туризмди өнүктүрүү, туристтик иш-чаралардын календарын жана туристтик агымдар тууралуу маалыматтарды камтыган ШКУнун бирдиктүү санариптик туристтик платформасын түзүүнү сунушташты. Ошондой эле туристтик алмашууларды кеңейтүү үчүн визалык жол-жоболорду жөнөкөйлөтүүнүн маанилүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулду.
Улуттук банк быйыл валюта интервенцияларынын көлөмүнүн көбөйүшүнө байланыштуу түшүндүрмө берди.Маалыматка ылайык, 2026-жылдын башынан бери финансылык жөнгө салуучу орган валюта рыногуна тогуз жолу чыгып, жалпы 1 миллиард 472,6 миллион доллар саткан. Салыштыруу үчүн, 2025-жылы сомдун курсун колдоо максатында 853 миллион доллар көлөмүндө интервенция жүргүзүлгөн.Улуттук банк чет өлкө валютасын сатуу сомдун курсун жасалма кармап туруу үчүн эмес, ички валюта рыногундагы суроо-талап менен сунуштун ортосундагы убактылуу тең салмаксыздыкты жөнгө салуу үчүн жүргүзүлөрүн билдирди."Интервенциялардын көбөйүшүнүн негизги себептеринин бири — өлкөнүн экономикалык өсүшү. Акыркы төрт жылда Кыргызстандын ИДПсы 2021-жылдагы 782,9 миллиард сомдон 2025-жылы 1,98 триллион сомго чейин өскөн. Бул тышкы сооданын, инвестициялык активдүүлүктүн жана импорттун өсүшүнө алып келип, бизнестин чет өлкө валютасына болгон суроо-талабын көбөйткөн", — деп айтылат билдирүүдө.
Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин жара
Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөрүнүн арасында ИДПнын өсүү темпи боюнча биринчи орунда турат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев аппараттык жыйында билдиргенин өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. Анын айтымында, ички дүң продукция (ИДП) быйылкы жылдын январь-июнь айларында алдын ала эсептөөлөр боюнча 960 миллиард сомду түзүп, экономиканын реалдуу өсүшү 11,9 пайыз болду. Өсүш негизинен курулуш тармагындагы 69,6 пайыз, өнөр жайдагы 12,8, тейлөө тармагындагы 6 жана айыл чарбасындагы 4,3 пайыздык өсүштүн эсебинен камсыздалган. "Жыл башынан бери негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 204,4 миллиард сомго жетип, 64,3 пайыз көбөйгөн. Инвестициялардын өсүшү ички каржылоо булактарынын 1,5 эсеге, тышкы булактардын 3,2 эсеге көбөйүшүнө байланыштуу болду", — деп айтылат билдирүүдө. Мындан тышкары, 2026-жылдын биринчи жарымында мамлекеттик бюджеттин кирешеси 454,2 миллиард сомду түзүп, пландык көрсөткүчтөн 22,6 милилард сомго ашкан. Касымалиев экономиканын өсүү темпин сактоо зарылдыгын белгиледи.Бишкектеги “Ала-Арча” мамлекеттик жаратылыш паркында Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин туризм боюнча III жаштар форуму өттү. Мааданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, иш-чарага Туризмди өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрү, жаштар уюмдарынын мүчөлөрү, туризм тармагынын адистери, эксперттер жана ШКУга мүчө өлкөлөрдүн расмий делегациялары катышты. Форумда уюмга мүчө мамлекеттердин туристтик кызматташтыгын кеңейтүү жана туризм тармагындагы кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу маселелери талкууланды. Катышуучулар экологиялык, тоо жана маданий туризмди өнүктүрүү, туристтик иш-чаралардын календарын жана туристтик агымдар тууралуу маалыматтарды камтыган ШКУнун бирдиктүү санариптик туристтик платформасын түзүүнү сунушташты. Ошондой эле туристтик алмашууларды кеңейтүү үчүн визалык жол-жоболорду жөнөкөйлөтүүнүн маанилүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулду.Улуттук банк быйыл валюта интервенцияларынын көлөмүнүн көбөйүшүнө байланыштуу түшүндүрмө берди.Маалыматка ылайык, 2026-жылдын башынан бери финансылык жөнгө салуучу орган валюта рыногуна тогуз жолу чыгып, жалпы 1 миллиард 472,6 миллион доллар саткан. Салыштыруу үчүн, 2025-жылы сомдун курсун колдоо максатында 853 миллион доллар көлөмүндө интервенция жүргүзүлгөн.Улуттук банк чет өлкө валютасын сатуу сомдун курсун жасалма кармап туруу үчүн эмес, ички валюта рыногундагы суроо-талап менен сунуштун ортосундагы убактылуу тең салмаксыздыкты жөнгө салуу үчүн жүргүзүлөрүн билдирди."Интервенциялардын көбөйүшүнүн негизги себептеринин бири — өлкөнүн экономикалык өсүшү. Акыркы төрт жылда Кыргызстандын ИДПсы 2021-жылдагы 782,9 миллиард сомдон 2025-жылы 1,98 триллион сомго чейин өскөн. Бул тышкы сооданын, инвестициялык активдүүлүктүн жана импорттун өсүшүнө алып келип, бизнестин чет өлкө валютасына болгон суроо-талабын көбөйткөн", — деп айтылат билдирүүдө.Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин жара
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/07/12/1102475510_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_db88c36a82017677127dab717fd70e84.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио