https://sputnik.kg/20260718/1102482208.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун башкаруучу директору Ярослав Мандрон менен жолукту. Бул... 18.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-18T17:00+0600
2026-07-18T17:00+0600
2026-07-18T17:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/07/12/1102482042_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_a14542aff6e0990ba59ec95168482b94.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун башкаруучу директору Ярослав Мандрон менен жолукту. Бул туурасында өкмөттөн билдиришти. Анда эки тараптуу алака, Бишкек — Ош жолун реконструкциялоо долбоору менен Токтогул ГЭСинин реабилитациялоонун жыйынтыгы жана Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи гидроагрегатын ишке киргизүү долбоору талкууланган. "Камбар-Ата-2 ГЭСнин экинчи гидроагрегатын ишке киргизүү долбоору жөнүндө айтсак, бул кубаттуулукту 120 мегаваттка көбөйтүүгө мүмкүндүк берет", — деген Касымалиев. Маалымат үчүн айтсак, аталган фонд менен кызматташуунун алкагында энергетика, транспорт, айыл чарба жана башка тармактарда долбоорлор ишке ашырылган.
Бишкек-2 темир жол бекетинде жүргүнчүлөрдү, аларды коштоп келген адамдарды, кол жүгүн жана багажын текшерүүнүн жаңы тартиби сунушталды. Транспорт жана коммуникациялар министрлиги иштеп чыккан токтом долбоору коомдук талкууга коюлду. Документ темир жол транспортундагы коопсуздукту күчөтүү, жүргүнчүлөрдүн өмүрү менен ден соолугун коргоо жана стратегиялык объектилерде мыйзамсыз кийлигишүүлөрдү, анын ичинде террордук коркунучтарды алдын алуу максатын көздөйт. Долбоорго ылайык, Бишкек-2 темир жол бекетине кирген бардык жүргүнчүлөр жана аларды коштоп жүргөн адамдар текшерүүдөн өтүүгө, жүгүнүн баары атайын техникалык каражат менен кароодон өткөрүлүүгө тийиш. Зарыл болгон учурларда жеке текшерүү жана кызматтык иттерди колдонуу да каралган.
Манас шаарында жактоочу айыпталып жаткан кардарынын аялынан 6 миң доллар талап кылган. Бул туурасында УКМК билдирди. Ал сот системасындагы тааныштарына таянып, маселени оң жагына чечип берүүгө убада кылган деп шектелүүдө. Жактоочу талап кылган сумманын бир бөлүгүн, тагыраагы, 4 миң долларды алып жатканда кармалган. Шектүү тергөө аяктаганга чейин камакка алынды.
Подмосковьедеги Электросталь шаарын жана анда жайгашкан Wildberries компаниясынын (маркетплейсинин) кампасына дрондор менен чабуул жасалып, анын кесепетинен бир киши каза таап, 24 адам жаракат алды. Москва облусунун губернатору шаарга жасалган чабуулдан кесепетинен ооруканага жеткирилгендердин бири каза болуп калганын билдирген. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги алардын арасында кыргызстандыктардын бар-жогун тактап жатканын билдирди. Москвада жашап, иштеген мекендештин айтымында, аталган кампада иштеген кыргызстандыктардын саны арбын. ЖМКдагы маалыматтар боюнча, жабыркагандардын айрымдарынын абалы оор. Wildberries компаниясы кампаларга жасалган чабуулдардан жабыркагандарга керектүү жардам көрсөтөрүн билдирди. Котовск жана Электросталь шаарларындагы логистикалык борборлорго жасалган соккулар боюнча террордук акт беренеси менен иш козголду. Котовскидеги бөлүмгө түшкөн дрон жети кишинин өмүрүн алып, 25и жарадар кылган.
ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 100 сом 6 тыйынга юань 12 сом 90 тыйынга рубль 1 сом 11 тыйынга Казак тенгеси 19 тыйынга барабар
МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензиндин литри 80 сом 90 тыйындан баштап сатылууда. АИ 95 үлгүсүндөгү май 109 сом 90 тыйындан, Дизель майы литрине 94 сом 80 тыйынга бааланса, унаа газынын литри 45 сом 70 тыйындын тегерегинде сатылууда.
18-июлда абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт жана суу ташкыны коркунучу бар. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Жекшембиде Ош, Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Башка аймактарда жаан-чачын жаабайт. Бул тууралуу Кыргыз гидрометеорология билдирди. Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +38...+43, Таласта +35...+40, Ысык-Көл облусунда +28...+33, Нарын регионунда +30...+35 градуска жетет. Термометрдин көрсөткүчү Бишкек менен Ошто +41...+43, Чолпон-Ата шаарында +28...+30 градусту көрсөтөт.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун башкаруучу директору Ярослав Мандрон менен жолукту. Бул туурасында өкмөттөн билдиришти. Анда эки тараптуу алака, Бишкек — Ош жолун реконструкциялоо долбоору менен Токтогул ГЭСинин реабилитациялоонун жыйынтыгы жана Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи гидроагрегатын ишке киргизүү долбоору талкууланган. "Камбар-Ата-2 ГЭСнин экинчи гидроагрегатын ишке киргизүү долбоору жөнүндө айтсак, бул кубаттуулукту 120 мегаваттка көбөйтүүгө мүмкүндүк берет", — деген Касымалиев. Маалымат үчүн айтсак, аталган фонд менен кызматташуунун алкагында энергетика, транспорт, айыл чарба жана башка тармактарда долбоорлор ишке ашырылган. Бишкек-2 темир жол бекетинде жүргүнчүлөрдү, аларды коштоп келген адамдарды, кол жүгүн жана багажын текшерүүнүн жаңы тартиби сунушталды. Транспорт жана коммуникациялар министрлиги иштеп чыккан токтом долбоору коомдук талкууга коюлду. Документ темир жол транспортундагы коопсуздукту күчөтүү, жүргүнчүлөрдүн өмүрү менен ден соолугун коргоо жана стратегиялык объектилерде мыйзамсыз кийлигишүүлөрдү, анын ичинде террордук коркунучтарды алдын алуу максатын көздөйт. Долбоорго ылайык, Бишкек-2 темир жол бекетине кирген бардык жүргүнчүлөр жана аларды коштоп жүргөн адамдар текшерүүдөн өтүүгө, жүгүнүн баары атайын техникалык каражат менен кароодон өткөрүлүүгө тийиш. Зарыл болгон учурларда жеке текшерүү жана кызматтык иттерди колдонуу да каралган. Манас шаарында жактоочу айыпталып жаткан кардарынын аялынан 6 миң доллар талап кылган. Бул туурасында УКМК билдирди. Ал сот системасындагы тааныштарына таянып, маселени оң жагына чечип берүүгө убада кылган деп шектелүүдө. Жактоочу талап кылган сумманын бир бөлүгүн, тагыраагы, 4 миң долларды алып жатканда кармалган. Шектүү тергөө аяктаганга чейин камакка алынды. Подмосковьедеги Электросталь шаарын жана анда жайгашкан Wildberries компаниясынын (маркетплейсинин) кампасына дрондор менен чабуул жасалып, анын кесепетинен бир киши каза таап, 24 адам жаракат алды. Москва облусунун губернатору шаарга жасалган чабуулдан кесепетинен ооруканага жеткирилгендердин бири каза болуп калганын билдирген. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги алардын арасында кыргызстандыктардын бар-жогун тактап жатканын билдирди. Москвада жашап, иштеген мекендештин айтымында, аталган кампада иштеген кыргызстандыктардын саны арбын. ЖМКдагы маалыматтар боюнча, жабыркагандардын айрымдарынын абалы оор. Wildberries компаниясы кампаларга жасалган чабуулдардан жабыркагандарга керектүү жардам көрсөтөрүн билдирди. Котовск жана Электросталь шаарларындагы логистикалык борборлорго жасалган соккулар боюнча террордук акт беренеси менен иш козголду. Котовскидеги бөлүмгө түшкөн дрон жети кишинин өмүрүн алып, 25и жарадар кылган.ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 100 сом 6 тыйынга юань 12 сом 90 тыйынга рубль 1 сом 11 тыйынга Казак тенгеси 19 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензиндин литри 80 сом 90 тыйындан баштап сатылууда. АИ 95 үлгүсүндөгү май 109 сом 90 тыйындан, Дизель майы литрине 94 сом 80 тыйынга бааланса, унаа газынын литри 45 сом 70 тыйындын тегерегинде сатылууда.18-июлда абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт жана суу ташкыны коркунучу бар. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Жекшембиде Ош, Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Башка аймактарда жаан-чачын жаабайт. Бул тууралуу Кыргыз гидрометеорология билдирди. Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +38...+43, Таласта +35...+40, Ысык-Көл облусунда +28...+33, Нарын регионунда +30...+35 градуска жетет. Термометрдин көрсөткүчү Бишкек менен Ошто +41...+43, Чолпон-Ата шаарында +28...+30 градусту көрсөтөт.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/07/12/1102482042_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_537753f84f383df8932556c5dda6bf8e.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио