https://sputnik.kg/20260718/1102478347.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Президент "Кабар" агенттигине маек куруп, коомдо кызуу талкууланып жаткан чет элдиктерге 50 жылга чейин ижарага жер берилет деген нааразычылыктарга жооп... 18.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-18T13:00+0600
2026-07-18T13:00+0600
2026-07-18T13:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/07/12/1102478181_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_e3bd445083dc45e7eadbf944eb0112e7.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Президент "Кабар" агенттигине маек куруп, коомдо кызуу талкууланып жаткан чет элдиктерге 50 жылга чейин ижарага жер берилет деген нааразычылыктарга жооп берген. Өлкө башчынын айткандарынын урунттуулары: ⭕️Чет элдик инвесторлорго жерди узак мөөнөткө ижарага берүү көп жылдан бери колдонулуп келген механизм. Азыр мамлекет аны дагы да тартипке салып, жоопкерчиликти күчөтүп жатат ⭕️Жер кодекси боюнча чет элдиктер жерди менчиктей албайт. Белгилүү мөөнөткө ижара акысын төлөп, пайдалануу укугун гана алышат. Жер мамлекеттин менчиги бойдон калат. ⭕️Инвестор жерди ижарага алып, бирок объект куруу, жумуш орундарын түзүү сыяктуу милдеттерин аткарбаса, мамлекет жерди кайтарып алат ⭕️Инвестор жерди кайсы максат менен алса, дал ошол долбоорду гана ишке ашырат. Завод үчүн алган болсо, завод курулат, логистикалык борбор үчүн алган болсо, логистикалык борбор салынат ⭕️Мамлекетке таандык ижарадагы жер тилкесин же аны пайдалануу укугун күрөөгө коюуга жол берилбейт. Жер мамлекеттин менчиги бойдон калат жана ал эч кандай күрөөнүн предмети болбойт ⭕️Чек арага жакын аймактардагы жана айыл чарба жерлери чет элдиктерге берилбейт. Мындай жерлер мамлекеттин улуттук коопсуздугуна байланыштуу өзгөчө көзөмөлдө
Кыргызстанда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин кескин кымбаттап, азыр бир литри 109,9 сомду чапчыды. Социалдык тармактарда бир күн мурун эле баасы 100 сомдон төмөн болгону жазылган. Буга чейин бийлик АИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин баасын мамлекеттик жөнгө салуудан алып салган, тагыраагы, аталган бензини социалдык маанилүү товарлардын тизмесинен чыгарылган. Ал эми АИ-92 бензини жана дизель майы социалдык маанилүү товарлардын тизмесинде калган. Ошондон кийин анын наркы эркин рынок шартында өзгөрө баштаган.
Ысык-Көлдү көздөй Бишкек тараптан сапар алгандар узак автотыгындардан улам абдан жай бара жаткандыктарын соцтармактарга жазып жатышат. Жолоочулардын бири Кемин аркылуу өткөн трассанын видеосун жарыялады. Ал эми экинчи эс алуучу Боомдогу жай жылып жаткан автоунаалардын агымын видеого тартып алган. Ал саатына саатына 5-10 чакырымдан жылып жаткандыктарын билдирген. "Кыргызгидрометеорология кызматы бүгүн Ысык-Көл аймагында 28…33, Чолпон-Атада 29…31 градус ысык болорун билдирген.
Түндө АКШ кайрадан Иранга сокку урду, жооп иретинде Тегеран Жакынкы Чыгыштагы америкалык базаларды бутага алды. Бул тууралуу Sputnik Ближнее зарубежье каналы жазды. Маалыматка ылайык, АКШнын Борбордук командачылыгы чабуулдар байкоо салган объектилерге, аскердик логистикалык инфраструктурага, курал-жарак сакталган жер алдындагы кампаларга жасалганын билдирди. Ал эми Иран жарандык объектилер талкаланып, жай тургундардын арасында каза болгондор, жарадарлар бар экенин маалымдады. Иран жооп катары Кувейт, Иордания, Сауд Арабиясы жана Бахрейндеги америкалык аскердик базаларга ракета жана дрондор менен сокку урганын жарыялады. Билдирүүгө ылайык, ок-дары кампалары, ангарлар жана күйүүчү май сактагычтары бутага алынган. Ошондой эле Иран Ормуз кысыгы аркылуу өтүүгө аракет кылган төрт танкерди токтотконун, дагы эки мунай танкери жардыруудан кийин өрттөнгөнүн билдирди. Ислам революциясынын сакчылар корпусунун жетекчилиги эгерде АКШнын чабуулдары дагы эки-үч күнгө созулса, Иран коргонуу аракеттеринен толук масштабдагы чабуул коюу операцияларына өтөрүн билдирген.
Президент "Кабар" агенттигине маек куруп, коомдо кызуу талкууланып жаткан чет элдиктерге 50 жылга чейин ижарага жер берилет деген нааразычылыктарга жооп берген. Өлкө башчынын айткандарынын урунттуулары: ⭕️Чет элдик инвесторлорго жерди узак мөөнөткө ижарага берүү көп жылдан бери колдонулуп келген механизм. Азыр мамлекет аны дагы да тартипке салып, жоопкерчиликти күчөтүп жатат ⭕️Жер кодекси боюнча чет элдиктер жерди менчиктей албайт. Белгилүү мөөнөткө ижара акысын төлөп, пайдалануу укугун гана алышат. Жер мамлекеттин менчиги бойдон калат. ⭕️Инвестор жерди ижарага алып, бирок объект куруу, жумуш орундарын түзүү сыяктуу милдеттерин аткарбаса, мамлекет жерди кайтарып алат ⭕️Инвестор жерди кайсы максат менен алса, дал ошол долбоорду гана ишке ашырат. Завод үчүн алган болсо, завод курулат, логистикалык борбор үчүн алган болсо, логистикалык борбор салынат ⭕️Мамлекетке таандык ижарадагы жер тилкесин же аны пайдалануу укугун күрөөгө коюуга жол берилбейт. Жер мамлекеттин менчиги бойдон калат жана ал эч кандай күрөөнүн предмети болбойт ⭕️Чек арага жакын аймактардагы жана айыл чарба жерлери чет элдиктерге берилбейт. Мындай жерлер мамлекеттин улуттук коопсуздугуна байланыштуу өзгөчө көзөмөлдөКыргызстанда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин кескин кымбаттап, азыр бир литри 109,9 сомду чапчыды. Социалдык тармактарда бир күн мурун эле баасы 100 сомдон төмөн болгону жазылган. Буга чейин бийлик АИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин баасын мамлекеттик жөнгө салуудан алып салган, тагыраагы, аталган бензини социалдык маанилүү товарлардын тизмесинен чыгарылган. Ал эми АИ-92 бензини жана дизель майы социалдык маанилүү товарлардын тизмесинде калган. Ошондон кийин анын наркы эркин рынок шартында өзгөрө баштаган.Ысык-Көлдү көздөй Бишкек тараптан сапар алгандар узак автотыгындардан улам абдан жай бара жаткандыктарын соцтармактарга жазып жатышат. Жолоочулардын бири Кемин аркылуу өткөн трассанын видеосун жарыялады. Ал эми экинчи эс алуучу Боомдогу жай жылып жаткан автоунаалардын агымын видеого тартып алган. Ал саатына саатына 5-10 чакырымдан жылып жаткандыктарын билдирген. "Кыргызгидрометеорология кызматы бүгүн Ысык-Көл аймагында 28…33, Чолпон-Атада 29…31 градус ысык болорун билдирген.Түндө АКШ кайрадан Иранга сокку урду, жооп иретинде Тегеран Жакынкы Чыгыштагы америкалык базаларды бутага алды. Бул тууралуу Sputnik Ближнее зарубежье каналы жазды. Маалыматка ылайык, АКШнын Борбордук командачылыгы чабуулдар байкоо салган объектилерге, аскердик логистикалык инфраструктурага, курал-жарак сакталган жер алдындагы кампаларга жасалганын билдирди. Ал эми Иран жарандык объектилер талкаланып, жай тургундардын арасында каза болгондор, жарадарлар бар экенин маалымдады. Иран жооп катары Кувейт, Иордания, Сауд Арабиясы жана Бахрейндеги америкалык аскердик базаларга ракета жана дрондор менен сокку урганын жарыялады. Билдирүүгө ылайык, ок-дары кампалары, ангарлар жана күйүүчү май сактагычтары бутага алынган. Ошондой эле Иран Ормуз кысыгы аркылуу өтүүгө аракет кылган төрт танкерди токтотконун, дагы эки мунай танкери жардыруудан кийин өрттөнгөнүн билдирди. Ислам революциясынын сакчылар корпусунун жетекчилиги эгерде АКШнын чабуулдары дагы эки-үч күнгө созулса, Иран коргонуу аракеттеринен толук масштабдагы чабуул коюу операцияларына өтөрүн билдирген.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/07/12/1102478181_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_844102bec003e9538f869178bb010131.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио