Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 11-мартта Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен жөнөп кетти. Анын алкагында президент коңшу өлкө жетекчилиги менен жолугары күтүлүүдө. Соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү максатында кыргыз-өзбек бизнес-форумун өткөрүү дагы мерчемделип жатат.