00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:00
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
7 мин
Личный интерес
Эпос «Манас» и искусственный интеллект — почему одно не заменит другое
16:07
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Жомок – баланы тарбиялоонун эң маанилүү куралы. Эмне үчүн балдарга жомок окуп берүү абдан маанилүү?
17:04
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
8 мин
Туяк
Улуттук мурастын сакчысы – Динара Чочунбаева
19:09
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только
Почему демографический бум Кыргызстана может превратиться в проблему и как этого избежать
20:06
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
8 мин
Ачык кеп
Климат өзгөрүп жаткан шартта Бишкектеги бак-дарактарга кам көрүү жана жаңы көчөттөрдү өстүрүү иштери кандай жүрүүдө?
21:10
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров Ош облусундагы иш сапарынын алкагында Араван районунун Гүлбаар айылындагы Эргеш Кебекбаев атындагы мектептин ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалымат кызматы билдирди. Ага ылайык, жаңы ачылган мектепте эки нөөмөт менен 300 бала билим алат. Президент окуу корпусун, балдардын чыгармачылык жана дене тарбиялык өнүгүүсү үчүн салынган жайларды көрүп чыкты. Ошондой эле педагогикалык жамаат менен баарлашып, билим берүү системасын өнүктүрүү жана мугалимдердин эмгек шарттары боюнча маселелерди талкуулады. Буга чейинки имарат 46 жыл мурун ашар ыкмасы менен курулган. 2024-жылы ӨКМ имаратты авариялык абалда деп тааныган. Ошол эле жаңы мектептин курулушу башталган. Жаңы имараттын жалпы сметалык баасы 92 млн 451 миң сомду түзөт.
Кыргызстандык фермерлер арашан койлорун экспорттоого уруксат берүүнү сурашууда. Буга байланышкан долбоорду Айыл чарба министрлиги коомдук талкууга койду. Эске салсак, ушул жылдын 9-мартында Кыргызстан чет өлкөлөргө мал экспортун убактылуу токтоткон. Мындай чечим эттин кымбатташын алдын алуу үчүн кабыл алынган. Документке ылайык, чектөө алты айлык убакытка киргизилген. Ал бодо малга, жылкыга жана кой-эчкиге колдонулган. Айыл чарба министрлигине кой баккан фермерлердин биримдиги кайрылып, арашан тукумундагы койлорго чет элдиктерден суроо-талап көп экенин белгилешип, бул тукумдагы койго тыюуну алып салууну өтүнүшкөн. Министрлик мындай тукумдагы койлордун баасы кымбат болгондуктан эт өндүрүү багытында каралбай турганын, аны экспорттоо ички рыноктогу кой этинин баасына анчейин таасир бербестигин билдирүүдө. Коомдук талкуу 25-апрелге чейин уланат.
Бүгүн, эртен Бишкек шаарында социалдык маанилүү азык-түлүк товарларын сунуштаган жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн, дыйкандардын жарманкеси өткөрүлөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда республика боюнча негизги азык-түлүк продукциялары боюнча эч кандай тартыштык жок, азык түлүк кору жетиштүү. Жарманкелер ички рынокту туруктуу камсыздоону улантуу жана жарандарга сапаттуу азыктарды жеткиликтүү баада сунуштоо максатында уюштурулууда. Жарманкеде азык-түлүк товарлары шаар тургундарына базар баасынан төмөн баада сунушталууда.
Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатында балбандар Нурзат Нуртаева менен Гүлнур Таштанбекова 3-орунду ээлеп, коло медалга татышты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты. Маалыматта белгиленгендей, балбан Нурзат Нуртаева 72 кг чейинки салмакта күч сынашып, чейрек финалда Кореянын өкүлү Субин Кимди 10:0 эсебинде ишенимдүү жеңген. Жарым финалдык баскычта кытайлык Жиа Лонгго 0:11 эсебинде утулуп калган. Коло медаль үчүн күрөштө монголиялык Эрдене Очирди 2:0 эсебинде жеңип алды. Ал эми спортчу Гүлнур Таштанбекова 65 кг чейинки салмакта күч сынашып, алгачкы беттешинде Кытайдын өкүлү Лилиге 10:0 эсебинде утулуп калган. Кийинки жубатуучу беттеште иорданиялык балбанды 10:0 ири эсебинде жеңген. Коло байге үчүн күрөштө өзбекстандык Фируза Эсенбаеваны 4:2 эсебинде утуп, коло медалдын ээси болду.
Жаңылыктар түрмөгү
0