Өзбекстандын ЖОЖдоруна КР жарандары үчүн 100 гранттык орун бөлүндү

© Sputnik / Денис Абрамов / Медиабанкка өтүүПодготовка медиков в Дагестанском государственном медицинском университете
Подготовка медиков в Дагестанском государственном медицинском университете - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.03.2021
Жазылуу
Мамлекеттик сапарда эки өлкөнүн ЖОЖдорунда окуган Кыргызстандын жана Өзбекстандын жарандарынын санын көбөйтүү боюнча макулдашуу болгон.
БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. КР жарандарына Өзбекстандагы ЖОЖдордо билим алуу үчүн 100 гранттык орун бөлүнгөнүн коңшу мамлекеттин башчысы Шавкат Мирзиеёв президент Садыр Жапаров менен жолугушуу учурунда билдирди.
Передача скорой помощи из Узбекистана в Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.03.2021
Өзбекстан белек кылган 20 тез жардам унаасы КРге алып келинди. Сүрөттөр
Жыйынтыгында кызматташуунун бир катар багыттарын өнүктүрүү боюнча алдын ала макулдашуулар жетишилген. Алар:
  • эки өлкөнүн жогорку окуу жайларында сабактарды өткөрүү үчүн профессордук-окутуучулар жамаатын тартуу;
  • эки өлкөнүн ЖОЖдорунда окуган Кыргызстандын жана Өзбекстандын жарандарынын санын көбөйтүү;
  • билим берүүнү санариптештирүү боюнча тажрыйба алмашуу.
Жолугушууда министр Алмазбек Бейшеналиев өзбекстандык кесиптешин Кыргызстанга расмий иш сапары менен келип кетүүгө чакырган.
Жаңылыктар түрмөгү
0