Садыр Жапаровдун Өзбекстан, Түркмөнстанга барышы күтүлүүдө

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.02.2021
Жазылуу
Министрдин орун басары алардын күн тартибинде Жапаровдун үч мамлекетке иш сапарларын уюштуруу маселеси каралып жатканын белгиледи.
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаровдун Өзбекстан жана Түркмөнстанга барышы болжолдонууда. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев айтып берди.
Жапаровдун Өзбекстанга болгон иш сапары тууралуу буга чейин Ниязалиев менен Өзбекстандын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Фарход Арзиевдин онлайн-сүйлөшүүсү учурунда да айтылган.
"Садыр Жапаров КРдин президенти болуп дайындалганда Өзбекстандын башчысы Шавкат Мирзиеёв да куттуктап, коңшу мамлекетке расмий иш сапары менен келип кетүүгө чакырган. Буга байланыштуу биз азыр дипломатиялык каналдар менен даярдык иштерин жүргүзүп жатабыз. Аны уюштуруу эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн негизинде аппараттын макулдугу менен аныкталат. Убактысы такталган соң иш сапарды уюштуруу иштерин баштайбыз", — деди Ниязалиев.
Министрдин орун басары президенттин коңшу мамлекетке иш сапары жакынкы аралыкта боло турганын белгиледи.
Мамлекет башчы Садыр Жапаров Татарстандын президенти Рустам Минниханов менен жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.02.2021
Байланышты өнүктүрөлү. Жапаров Татарстан президенти Минниханов менен жолукту. Сүрөт
"Азыр мамлекет башчы Россияда жүрөт. Андан кийин Казакстанга барышы болжолдонууда. Анткени коңшу мамлекеттин башчысы Токаев да аны Казакстанга чакырган. Жапаровду өз өлкөсүнө чакыргандардын арасында Түркмөнстандын президенти дагы бар. Азыр күн тартибинде ушул мамлекеттерге иш сапарларды уюштуруу маселеси каралып жатат",— деди Ниязалиев.
Эске салсак, учурда КР президенти Садыр Жапаров Россияда эки күндүк жумушчу сапары менен жүрөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0