00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
5 мин
Будь в курсе
Как незаметно приучить ребенка к брокколи и моркови по советам педиатров
08:05
50 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жеңүүчүлөр Россияга барат — өлкөнүн күчтүү механизаторлору «Айдоо Фест 2026» чемпионатында күч сынашат
09:05
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
4 мин
Личный интерес
Школа Говорухина: Лариса Лужина и Сергей Баталов об изнанке легендарного кино
10:05
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ШКУ өлкөлөрүндө айлана-чөйрөнү коргоо маселелерине кандай көңүл бурулат?
11:04
25 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Эми курулуш лицензиясын 1 эле күндүн ичинде алууга болот — лицензиялардын баасы канча?
11:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Бишкек и Санкт-Петербург перешли от слов к реализации масштабных дорожных карт
12:05
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Жеке маалыматтарды коргоо: мыйзамдагы өзгөрүүлөр, жоопкерчилик жана санариптик коопсуздук
13:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Передел мира и рождение капитализма — простыми словами
14:05
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Жол кырсыктарынан коргоо: «КАСКО Эконом» программасынын мүмкүнчүлүктөрү
15:05
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Как научить ребенка отвечать за свой выбор и не бояться ошибок - беседа с психологом
16:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Өнөр жана өмүр: Акимжан Жээнбай тууралуу маек
17:05
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
c Кубатом Рахимовым
18:06
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
С Наталией Князевой
20:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Үңкүр-Тоо, темир жол, инвестиция. Жапаровдун Өзбекстанга болгон сапарынын жыйынтыгы

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевГосударственный визит президента КР Садыра Жапарова в Узбекистан
Государственный визит президента КР Садыра Жапарова в Узбекистан - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.03.2021
Жазылуу
Президенттин маалымат катчысы Жапаровдун Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапары жемиштүү болгонун белгилеген.
БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Өлкө башчы Садыр Жапаров Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапарында коңшу мамлекет менен жалпы суммасы 127,6 миллион долларды түзгөн бир катар инвестициялык жана соода келишимдерге кол коюшту. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек билдирди.
Ал мамлекеттик сапар жемиштүү болгонуна токтолуп, кандай маселелер чечилгенин айтып берген.
"Өзбекстанга болгон иш сапар, албетте, жемиштүү болду. Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёевдин жолугушуулары кыргыз-өзбек мамилелерин калыбына келтирип, кызматташуунун жаңы сапаттык деңгээлин түптөдү деп айтууга болот. Өзбек ЖМКлары бул сапарга жогорку баасын беришти", — деди Байтерек.
Мамлекеттик сапардын жыйынтыгы:
— Өнөр жай кызматташтыгы жаатында практикалык иш-чаралардын планы ("Жол картасы") түзүлүп, жалпы суммасы 550,4 миллион долларды түзгөн 60 долбоорду ишке ашыруу каралды;
— Жакынкы аралыкта кыргыз-өзбек өнүктүрүү фонду түзүлүп, анын уставдык капиталы алгач 50 миллион долларды түзүп, андан кийин 200 миллион долларга чейин көбөйөт. Аталган фонддун алкагында агроөнөр жай комплекси, тигүү жана текстиль өнөр жайы, кайра иштетүү өнөр жайы, тоо-кен жана металлургиялык өнөр жай, транспорт, турак жай куруу, соода, бизнести өнүктүрүү, энергетикалык комплекс, туризм боюнча кызматташуу жүргүзүлөт;
Тренировка вертолетчиков у здания Минобороны в Москве - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.03.2021
Өзбекстан кыргыз аскерлерине тик учак белек кылат
— Жалпысынан 22 документке жана президенттердин биргелешкен билдирүүсүнө кол коюлду, алар билим берүү, саламаттык сактоо, маданият, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтык, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жаатында өз ара аракеттенүү, эки мамлекеттин тең керектөөчүлөрүнүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу тармактарын камтыйт;
— Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча ишти жакынкы үч айдын ичинде бүтүрүү керек деген бүтүмгө келишти;
— Жакынкы аралыкта мамлекеттик чек арадагы жети өткөрмө пунктунун иши жанданары белгилүү болду. Өзбек тарап жүк ташуу маселесин чечүүгө, зарылчылыкка жараша документтерди сканерлөөгө ылайыктуу техника менен камсыз кылууга убада берди;
— Кыргыз тарап КРдин аймагында жайгашкан Өзбекстандын Сох анклавына транспорттук жана аба каттамдарын ачууга даяр. Анклавдын жашоочулары мамлекеттик чек арадан эркин өтүшөт.
— Ал эми өзбек тарап мындан ары Үңкүр-Тоо талаштуу аймагын талап кылбоого даяр экендигин билдирди. Мамлекеттик чек араларды делимитациялоого байланыштуу калган талаштуу маселелерди атайын комиссия чечет;
— Коргоо министрлиги аркылуу Өзбекстан тарап Кыргызстанга бир тик учакты акысыз берет жана дагы бир тик учакты калыбына келтирүүгө даяр;
Президент Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев бак тигишти - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.03.2021
Жапаров менен Мирзиёев Өзбекстандын резиденциясына бак тикти. Сүрөт
— Саламаттык сактоо багытында Кыргызстанга 20 тез жардам унаасы тапшырылган. Вакциналарды, дары-дармектерди жана башка медициналык жана фармацевтикалык продукцияларды өндүрүү, — жеткирүү жаатында кызматташууну кеңейтүү маселеси иштелип жатат;
— Шавкат Мирзиёев КР жарандарына Өзбекстандагы ЖОЖдордо билим алуу үчүн 100 гранттык орун бөлүнгөнүн маалымдады;
— "Камбар-Ата ГЭС-1" инвестициялык долбоорун биргелешип даярдоо жөнүндө макулдашууга жана электр энергиясын өз ара жеткирүү протоколуна кол коюлду;
— "Кытай — Өзбекстан — Кыргыз темир жол" магистралын куруу боюнча долбоорду ишке ашыруунун маанилүүлүгү белгиленди.
Алдын ала макулдашууга жетишилген маселелер:
  • эки өлкөнүн жогорку окуу жайларында сабактарды өткөрүү үчүн профессордук-окутуучулар жамаатын тартуу;
  • эки өлкөнүн ЖОЖдорунда окуган Кыргызстандын жана Өзбекстандын жарандарынын санын көбөйтүү;
  • билим берүүнү санариптештирүү боюнча тажрыйба алмашуу.
  • Байтерек Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёевди Кыргызстанга сапар менен келип кетүүгө чакырганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0