Букуев Медетбек Омошевич — өмүр баяны

© Фото / пресс-служба партии "Альянс"Кандидат в депутаты ЖК от партии "Альянс" Медетбек Букуев
Кандидат в депутаты ЖК от партии Альянс Медетбек Букуев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.11.2021
Жазылуу
Медетбек Букуев 1956-жылы 22-майда Чүй облусуна караштуу Чүй районундагы Чапаев айылында туулган.
Жогорку билимдүү. Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтун "дене тарбия мугалими" адистиги боюнча бүтүргөн. Кийин аспирантурада окуган.
Эмгек жолу:
  • 1973 ― Кыргыз камволдук-нооту комбинатында жыгач устанын окуучусу;
  • 1974-1975 ― Кыргыз камволдук-нооту комбинатында 3-категориядагы гребенщик, 3-категориядагы ташуучу;
  • 1975-1977 ― аскерде кызмат өтөгөн;
  • 1977 ― Токмоктогу оңдоо-курулуш башкармалыгында кирпич коюучу;
  • 1982-1990 ― Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтунун илим-изилдөө лабораториясында ага лаборант, футбол жана гандбол кафедрасында ага лаборант;
  • 1987-1990 ― Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтунун футбол жана гандбол кафедрасында мугалим;
  • 1990-1998 ― Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтунун футбол жана гандбол кафедрасында ага окутуучу, кафедра жетекчисинин милдетин аткаруучу, кафедра жетекчиси;
  • 1998-1999 ― Кыргыз-Россия Славян университетинде укуктук маалымат борборунда жетектөөчү инженер;
  • 2006-2007 ― Чүй университетинде дене тарбия мугалими;
  • 2007 ― Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин маалымат жана өлчөө технологиясы кафедрасында доцент;
  • 2007-2008 ― Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин менеджмент жана маркетинг боюнча директорунун орун басары;
  • 2008-2009 ― Кыргызстандын мини-футбол ассоциациясынын башкы катчысы;
  • 2009-2010 ― "Чүй электр түйүндөрү" ишканасында дене тарбия боюнча инструктор;
  • 2010-2012 ― Бишкек компьютердик технологиялык колледжинде дене тарбия мугалими;
  • 2012-2020 ― Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин дене тарбия борборунда жетекчи, профессордун милдетин аткаруучу, кафедранын профессору;
  • 2020-2021 ― Евразия университетинин футболдук клубунда кафедранын профессору;
  • 2021 ― Президенттик администрацияда президенттин кеңешчиси, министрлер кабинетинин төрагасынын кеңешчиси.
Жаңылыктар түрмөгү
0