Абдылдаев Молдакун Абдылдаевич — өмүр баяны

© Sputnik / Табылды КадырбековАбдылдаев Молдакун Абдылдаевич
Абдылдаев Молдакун Абдылдаевич - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Молдакун Абдылдаев 1960-жылы 22-августта Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ат-Башы айылында туулган.

Эмгек жолу:

  • 1982 – 1983 — Ат-Башы районундагы 25-партсъезд атындагы Совхоздо улук дарыгер;
  • 1983 – 1984 — Кыргыз ССРинин Илимдер академиясынын Биохимия жана физиология институтунда ага лаборант;
  • 1984 – 1987 — Кыргыз ССР Илимдер академиясында аспирант;
  • 1987 – 1990 — Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Биохимия жана физиология институтунда кичи илимий кызматкер;
  • 1990 – 1993 — Кыргыз илим изилдөө ветеринардык институтунда улук илимий кызматкер;
  • 1993 – 1995 — Айыл чарба министрлигинин ветеринария департаментинин эпизоотикага каршы республикалык отрядынын бөлүм башчысы, жетекчи орун басары;
  • 1995 – 2000 — Россиянын Кыргызстандагы чек ара аскерлеринин чек ара отрядынын тобунун жетекчи орун басары, кызматтын башчысы;
  • 2000 – 2000 — Финансы министрлигинин мамлекеттик бажы инспекциясында чек ара бажысынын күзөт бөлүмүнүн башчысы;
  • 2001 – 2004 — Чүй облустук мамлекеттик администрациясында укук коргоо органдары жана коргонуу секторунун башчысы;
  • 2004 – 2006 — КР президентинин администрациясынын уюштуруу иштери жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнүн инспектору, мамлекеттик инспектор;
  • 2007 – 2008 — КР өкмөтүнүн аппаратында мониторинг жана адам укугун коргоо секторунун башчысы, жарандардын кайрылуусу жана коомдук уюштуруу иштери бөлүмүнүн жетекчиси;
  • 2008 – 2010 — Омбудсмен аппаратынын жетекчиси;
  • 2010 – 2011 — КР өкмөтүнүн аппаратында жарандык коом менен иштөө жана жарандардын кайрылууларын кабыл алуу бөлүмүнүн башчысы;
  • 2011 — КР президентинин аппаратында жарандардын кайрылуулары менен иштөө бөлүмүнүн башчысы;
  • 2014 – 2018 — КР президентинин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү;
  • 2018-жылдан бери Чүй облустук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси.
  • 2019-жылы 30-июнда болгон жол кырсыгында каза болгон. 
Жаңылыктар түрмөгү
0