Субанбеков Бакирдин Жамалович — өмүр баяны

© Фото / пресс-служба партии "Бир Бол"Депутат ЖК 6 созыва Бакирдин Субанбеков
Депутат ЖК 6 созыва Бакирдин Субанбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бакирдин Субанбеков 1952-жылы 18-февралда Чүй облусунун Жайыл районундагы Кызыл-Октябрь айылында туулган.

Билими:

1979 — Кыргыз мамлекеттик университетинин юридика факультетин аяктаган;

Эмгек жолу:

1970 — №2903-автоколоннанын айдоочусу;

1970-1972 — Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн;

1973-1974 — КР Ички иштер министрлигинин мамлекеттик автоинспекциясынын бөлүмүнүн жол көзөмөлдөөчү инспектору;

1974-1980 — КР Ички иштер министрлигинин мамлекеттик автоинспекциясынын бөлүмүнүн жол көзөмөлдөөчү ага инспектору;

1980-1983 — Калинин райондук (азыркы Жайыл району) ички иштер бөлүмүнүн мамлекеттик автоинспекциясынын райондор аралык каттоо-сынак бөлүмүнүн автоинспектору;

1983-1985 — Калинин райондук (азыркы Жайыл району) ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү;

1985-1986 — Москва райондук ички иштер бөлүмүнүн социалисттик мүлктү уурдоо менен күрөшүү боюнча бөлүмүнүн (ОБХСС ОВД) ыкчам-ыйгарымдуу, ага ыкчам-ыйгарымдуу кызматкери;

1986-1988 — Кара-Балта шаардык ички иштер бөлүмүнүн социалисттик мүлктү уурдоо менен күрөшүү боюнча бөлүмүнүн (ОБХСС ОВД) башчысы;

1988-1990 — Калинин райондук (азыркы Жайыл району) ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары;

1990-1992 — Кара-Балта шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы;

1992-1994 — Калинин райондук (азыркы Жайыл району) ички иштер бөлүмүнүн башчысы;

1994-1996 — Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы;

1996-2001 — Чуй облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы;

2001-жылдын март-октябрь айларында КР Ички иштер министрлигинин уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкы башкармалыгынын башчысы;

10.2001-06.2002 — КР Ички иштер министрлигинин кылмышкерлерди издөө башкы башкармалыгынын башчысы;

2002-2005 — КР Ички иштер министри;

03.2005-11.2011 — КР Ички иштер министрлигинин кадр резервинде, (айкалыштыруу боюнча) коомдук коопсуздук маселелер боюнча КР президентинин кеңешчиси;

04.2013-04.2015 — "Манас" эл аралык аэропорту" АКсынын директорлор кеңешинин төрагасы;

2016-жылдын 10-февралында "Бир бол" саясый партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин VI чакырылышында депутат.

Сыйлыктары:

"Коомдук тартипти сактоо боюнча мыкты кызматы үчүн" медалы;

"Даңк" ордени;

I даражадагы "Күжүрмөн кызмат өтөгөндүгү үчүн" медалы;

II даражадагы "Элдин коопсуздугу үчүн" медалы.

Үй-бүлөлүү. Төрт баланын атасы.

Жаңылыктар түрмөгү
0