Рахмон: чек арадагы акыркы окуя көйгөйдү сүйлөшүү менен чечүү керектигин көрсөттү 

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевТажикстан президенти Эмомали Рахмон
Тажикстан президенти Эмомали Рахмон - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.06.2021
Жазылуу
Өз кезегинде Жапаров кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо маселесин чечип, тийиштүү келишимге кол коюу кызматташуунун жаңы багыттарын ачарын билдирген.
БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Кыргызстан жана Тажикстандын президенттери Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон Душанбе шаарында кеңейтилген форматта сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, чек ара маселесин талкуулашты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.  
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстан жана Тажикстандын президенттери Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон Душанбе шаарында кеңейтилген форматта сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, чек ара маселесин талкуулашты
Официальный визит президента Кыргызстана в Таджикистан - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Кыргызстан жана Тажикстандын президенттери Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон Душанбе шаарында кеңейтилген форматта сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, чек ара маселесин талкуулашты
Рахмон Тажикстан менен Кыргызстан эл аралык аянтчаларда, биринчи кезекте, БУУ, ЖККУ, ШКУ, ЕККУ жана КМШ алкагында активдүү кызматташып жатканын белгиледи. Ал эки тараптуу мамилелердеги башкы маселе мамлекеттик чек ара тилкелерин делимитациялоо жана демаркациялоо менен байланыштуу экенин айткан.  
"Бул маселенин көп жылдан бери токтоп тургандыгы эки тарапты тез арада алгылыктуу чечимдерди ойлоп табууга ынандырат", — деген тажик лидери.  
Анын айтымында, чек арадагы акыркы окуя тараптар чек ара маселелерин трансулуттук кызыкчылыктарды эске алып, сүйлөшүү жолу менен чечүү керектигин көрсөттү. 
Жапаров Кыргызстан кыргыз-тажик мамилелерин өнүктүрүү жана кызматташууну тереңдетүү өлкөнүн тышкы саясатынын приоритетине дал келерин белгилеген.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстан президенти Садыр Жапаров
Официальный визит президента Кыргызстана Садыра Жапарова в Таджикистан - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Кыргызстан президенти Садыр Жапаров
"Бул айтылгандар бүгүнкү күндө дагы актуалдуу. Анын үстүнө, тараптар каалабаган жаңжалды баштан кечиришти, ал эки тарапка тең кайгы менен зыян алып келди. Бул кырдаалды эки элдин бакубатчылыгы үчүн чечүүгө акылыбыз жетет деп ишенем", — деген президент.  
Президент Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.06.2021
Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда бир катар документке кол коюлду. Тизме
Жапаров кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо боюнча маселени тезинен макулдашып чечүү жана тийиштүү келишимге кол коюу кызматташуунун жаңы багыттарын ачарын белгилеген.  
Ошондой эле мамлекет башчы эки өлкөнүн, өзгөчө чек ара райондорунун элдеринин ортосундагы ишенимди бекемдөөнүн, чек ара райондорундагы коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу боюнча иштерди улантуунун, улуттар аралык кастыкты козутууга жана жергиликтүү калк арасында чыңалууну күчөтүүгө багытталган ар кандай деструктивдүү аракеттерге бөгөт коюунун маанилүүлүгүн белгилеген. 
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевОшондой эле мамлекет башчы эки өлкөнүн, өзгөчө чек ара райондорунун элдеринин ортосундагы ишенимди бекемдөөнүн, чек ара райондорундагы коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу боюнча иштерди улантуунун, улуттар аралык кастыкты козутууга жана жергиликтүү калк арасында чыңалууну күчөтүүгө багытталган ар кандай деструктивдүү аракеттерге бөгөт коюунун маанилүүлүгүн белгилеген
Официальный визит президента Кыргызстана в Таджикистан - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Ошондой эле мамлекет башчы эки өлкөнүн, өзгөчө чек ара райондорунун элдеринин ортосундагы ишенимди бекемдөөнүн, чек ара райондорундагы коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу боюнча иштерди улантуунун, улуттар аралык кастыкты козутууга жана жергиликтүү калк арасында чыңалууну күчөтүүгө багытталган ар кандай деструктивдүү аракеттерге бөгөт коюунун маанилүүлүгүн белгилеген
Президент Садыр Жапаров эки өлкөнүн региондорунун ортосундагы кызматташтыкты арттыруу үчүн бир туугандык мамилелер жөнүндө макулдашууларды, ошондой эле Баткен облусу менен Согди облусунун ортосундагы кызматташтык планын иш жүзүндө жүзөгө ашыруу зарыл экенине көңүл бурган. 
Тараптар чек ара маселелерин чечүү жана кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын аныктоо иштерин активдүү улантуу боюнча мындан аркы кадамдарды сүйлөшүшкөн. 
Жаңылыктар түрмөгү
0