Экс-депутат Максат Сабиров УКМКга суракка келди. Видео

© Фото / Пресс-служба ЖКДепутат Максат Сабиров. Архив
Депутат Максат Сабиров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.06.2021
Жазылуу
Максат Сабиров үстүбүздөгү жылдын февраль айында депутаттык мандатын тапшырып, ордун жаштарга бошотуп берерин айткан.
БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров экинчи ирет УКМКга сурак берүү үчүн келди. Бул тууралуу Sputnik агенттигинин кабарчысы жеринен билдирди.
Журналист андан эмне маселе боюнча чакырылганын сурады.
"2012-2013-жылдары Кумтөр кенин иликтөө боюнча түзүлгөн парламенттик жана мамлекеттик комиссиялардын иши боюнча суракка чакырышты", — деп жооп берди Сабиров.
Ал азырынча УКМКнын имаратына кире электигин, күтүп жатканын айтты.
Жаңылыктар түрмөгү
0