Сабиров Максат Эсенович. Өмүр баяны

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Максат Сабиров. Архив
Депутат Максат Сабиров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Максат Сабиров 1967-жылы 17-октябрда Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районунун Маман айылында туулган.

Билими жогору. 1992-жылы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы кыргыз мамлекеттик искусство инстутутун, 1995-жылы Кыргыз мамекеттик улуттук университетинин юридикалык факультетин, 2013-жылы КР ТИМдин Дипломатиялык академиясын бүтүргөн. 

Эмгек жолу:

  • 1992-1995 — Бишкектин №5 музыкалык мектебинин директорунун орун басары
  • 1995-1997 — "Юта" жеке фирмасынын директорунун коммерциялык иштер боюнча орун басары 
  • 1997- 2000 — жеке иштер
  • 2000-2003 — "Асфальтобетон" ААКнын коммерциялык директору
  • 2003-2005 — "МАМ" ААКнын ош филиалынын материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы
  • 2005-2008 — "МАМ" ААКнын ош филиалынын материалдык-техникалык камсыздоо жана эсеп кызматынын башчысынын орун басары 
  • 2008-2010 — КР Энергетика министрлигинин алдындагы "Кыргызжилкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын сатып алуулар бөлүмүнүн тбашчысы
  • октябрь, 2010 — "Ар-Намыс" саясий партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты. ЖКнын Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы 
  • октябрь, 2015 — "Республика" саясий партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болуп шайланган. "Республика" парламенттик фракция лидеринин орун басары. 
  • октябрь, 2015 — "Республика-Ата Журт" саясий партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңешке VI чакырылышынын депутат болуп шайланган.

Үй-бүлөлүү, беш баланын атасы.

Жаңылыктар түрмөгү
0