Сыймык Жапыкеев Ысык-Көл облусунун прокурору болуп дайындалды

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевЫсык-Көл облусунун прокурору болуп дайындалган Сыймык Жапыкеев. Архив
Ысык-Көл облусунун прокурору болуп дайындалган Сыймык Жапыкеев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.03.2021
Жазылуу
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы жоюлгандан кийин Жапыкеев ишсиз калган болчу.
БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Сыймык Жапыкеев Ысык-Көл облусунун прокурору болуп дайындалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.
Эске салсак, 5-мартта Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматын жоюу боюнча премьер-министр Улукбек Мариповдун токтому чыккан. Мындан улам мекеменин жетекчиси Жапыкеев кызматы жок калган.
Иштен кеткенден кийин ага президент Садыр Жапаров "Финансы полициясынын генерал-майору" наамын берген.
Жаңылыктар түрмөгү
0