Референдум 11-апрелде өтмөй болду. Жапаров мыйзамга кол койду

© Sputnik / Табылды КадырбековДобуш берип жаткан адам. Архив
Добуш берип жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.03.2021
Жазылуу
Мыйзам кечээ Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынып, референдумду жергиликтүү кеңештердин шайлоосу менен кошо 11-апрелде өткөрүү сунушталган.
БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Өлкө башчы Садыр Жапаров "КРдин Конституциясы жөнүндө" мыйзам долбоору боюнча референдумду дайындоо (бүткүл элдик добуш берүүнү) жөнүндө мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Мыйзам 11-мартта Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Референдумду жергиликтүү кеңештердин шайлоосу менен кошо 11-апрелде өткөрүү сунушталган.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 
Жаңылыктар түрмөгү
0