Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары дайындалды

© Sputnik / Сергей МамонтовДокументке кол коюп жаткан аткаминер. Архив
Документке кол коюп жаткан аткаминер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.02.2021
Жазылуу
Кылычбек Абышев буга чейин өкмөттүн Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлүнүн орун басары болуп иштеп келген.
БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары болуп Кылычбек Абышев дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Тийиштүү буйрукка мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгон.
Кылычбек Абышев буга чейин өкмөттүн Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлүнүн орун басары болуп иштеген.
2020-жылдын 4-октябындагы парламенттик шайлоого "Республика" партиясынын тизмеси менен катышкан.
Жаңылыктар түрмөгү
0