13:54 03 Жалган Куран 2021
Түз эфир
  • USD84.8113
  • EUR101.7905
  • RUB1.1373
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
Садыр Жапаровдун Россияга сапары (41)
3232 0 0

Учурда Кыргызстан Россия тарап менен бирге иш сапардын датасы жана мазмунун даярдап жатканы айтылды.

БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Жаңы шайланган өлкө башчы Садыр Жапаровдун Россияга болчу расмий иш сапары боюнча президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек билдирүү таратты.

Президенттин маалымат кызматы билдиргендей, буга чейин социалдык тармактарда "Сыягы, Россия Садыр Жапаровду кабыл алууга даяр эмес" деген маалыматтар тараган. Буга байланыштуу Байтерек аталган маселе боюнча үн катты.

"Жаңы шайланган президент Садыр Жапаров биринчи расмий иш сапарын Россияга жасоону пландоодо. Бул багытта иштер жүрүп жатат. Россия тарап менен иш сапардын датасы жана мазмуну иштелип, даярдалып жатат. Соцтармакка тараган "Россия Садыр Жапаровду кабыл алууга даяр эмес" деген маалыматтар чындыкка дал келбейт. Учурдан пайдаланып коомчулукту мындай чагымчыл маалыматтарга ишенбей, такталган гана билдирүүлөрдү окууга чакырып кетет элем", — деген Байтерек.

Эске салсак, Садыр Жапаровдун инаугурациясы 28-январда өтөт.

Тема:
Садыр Жапаровдун Россияга сапары (41)

Тема боюнча

Садыр Жапаровдун инаугурациясы 28-январда өтөт
Жапаровдун инаугурациясын өткөрүү сценарийи өзгөрдү. Чыгым канчага кыскарат
Белгилер:
билдирүү, иш сапар, Россия, Садыр Жапаров, президент

ЭҢ МААНИЛҮҮ