Садыр Жапаровдун инаугурациясын уюштуруу комитети түзүлдү. Курамына киргендер

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстан президентинин инаугурациясы учурунда. Архив
Кыргызстан президентинин инаугурациясы учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жарлыкка ылайык, 2021-жылдын 28-январында өтө турган инаугурацияны даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү.
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов "Жаңы шайланган президенттин кызматка киришүү аземин даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетин түзүү жөнүндө" жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Жарлыкка ылайык, 2021-жылдын 28-январында өтө турган инаугурацияны даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү.
Төмөндө уюштуруу комитетинин курамы:
  • Касмамбетов Сүйүнбек Сапарбекович — президенттин аппарат жетекчиси, уюштуруу комитетинин төрагасы;
  • Шайлдабекова Нуржан Кармабековна — Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрайымы, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;
  • Новиков Артём Эдуардович — премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;
  • Аманбаев Бактыбек Абдилашимович — өкмөттүн аппарат жетекчиси;
  • Сабырбеков Алмазбек Амангелдиевич — Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси;
  • Өмүралиев Таалайбек Барыктабасович — Куралдуу күчтөрдүн Генералдык штабынын башчысы;
  • Казакбаев Руслан Айтбаевич — тышкы иштер министри;
  • Ниязбеков Улан Омоканович — ички иштер министри;
  • Ажикеев Бообек Эргешович — өзгөчө кырдаалдар министри;
  • Мукашев Кыялбек Белекович — финансы министри;
  • Бейшеналиев Алымкадыр Сабирдинович — саламаттык сактоо министри;
  • Кадырбеков Нуржигит Кадырбекович — маданият, маалымат жана туризм министри;
  • Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы;
  • Түлөбаев Балбак Зарлыкович — Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу;
  • Алиев Бактияр Жеңишбекович — Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору;
  • Жумаев Алтынбек Мусаевич — "7 канал" ТРК жетекчиси.
Жаңылыктар түрмөгү
0